Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 24.02.2017 09:02

Айыл турмушу: Г.Байдавлетова декреттик өргүү учурунда жаш балдарга кооз кийимдерди түйүп, көптөгөн кардарларын тапты (фото)

Turmush -  Өзгөн районундагы Кароол айылынын жашоочусу Гүлшан Байдавлетованын колунан жаш балдарды ороочу жууркандар, кийимдер жана аксессуарлардын түрү жасалат. Декреттик өргүүсүн кол өнөрчүлүк менен өткөрүп жаткан уз айым кызына кийимдерди өзү тигип берет.

Түймөгө жаштайынан кызыккан кол өнөрчү анын сырларын интернет булактарынан өздөштүргөн.

«Мен Жалал-Абаддын тургунумун. Кароол айылына келин болуп келгем. Кичинекей кезимден эле эжелеримден байпак түйгөндү үйрөнгөм. Кийин турмушка чыгып балалуу болгондо түймөнү кайра колго алдым. Бош убактымдын басымдуу бөлүгүн түймөгө жумшайм. Жолдошум менен Россияда иштеп жүргөндө колго түйгөн чач байлагычтарды кесиптештериме белекке берип, сатып да калган учурлар болчу. Убакыттын өтүшү менен бул иш кызыгуум, кошумча каражат табуучу булагым болуп калды. Азыр 3 жашка чейинки балдарга жайкы көйнөктөрдү, кышкыга жылуу жууркандарды түйөм», - деди ал.

Ошондой эле, ал жасаган аксессуарлар айымдарга өзгөчө көрк кошот.

«Учурда ободокторду, мончокторду жасап жатам. Азыр жаштар арасында аксессуарларга болгон суроо-талап жогору. 35 жашка чейинки жаштар көп сатып алышат», - деп кошумчалады.

Керектелүүчү жиптерди атайын буйрутма менен ар кандай фирмалардан алдырат. Ал жасаган буюмдар менен кийим-кечелердин баасы мээнетине жараша бааланат.

27 жаштагы Г.Байдавлетова учурда 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×