Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 20.02.2017 10:56 На русском

Фото - Чоң-Алайдагы кар көчкү 2 окуучуну, 80 баш мал-жандыкты басып калып, 10 адам жаракат алды (толугу менен)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кечээ, 19-февралда саат 05:30 чамасында түшкөн кар көчкү 2 турак жайды жана 3 сарайды басып калган.

ӨКМ билдиргендей, көчкү баскан үйлөрдүн бириндеги Кулубаев Абдысатардын үй-бүлөсүнөн 6 адамды 10 куткаруучу жергиликтүү тургундардын жардамы менен куткарып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Ал эми Шербото Эшенкуловдун үйүнөн 4 адам куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Экинчи үйдөгү бир тууган 2 окуучу көчкүнүн алдында калган.

Каза болгондор:

1. Саат 11:00дө Шерматов Караматулло Сагыновичтин (2006-жылы туулган, 4-класс) жансыз денесин табышкан;

2. Саат 11:40да Шерматова Бактыгүл Сагыновнанын (2007-жылы туулган, 3-класс) жансыз денесин табышкан.

Аймактык ооруканага 10 адам жаткырылган. Анын ичинен экөө башынан жаракат алган, 8 адамдын абалы жакшы.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 300дөн ашык айыл тургундары тартылган. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 25 миң метр кубду түзгөн. Учурда материалдык чыгымдар такталып жатат. Белгилүү болгондой, 3 сарайдан 80ге жакын майда жана бодо мал көчкүнүн алдында калган.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Р.Рысбаев окуя болгон жерде жергиликтүү эл менен жолугушту.

Аймакта тазалоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×