Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: Шаарда өскөн А.Батырова айылга келин болуп барганда 3 жыл бою нан бышыра албай кыйналган

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Кара-Суу районундагы Жаңы-Маданият айылына келин болуп барган 28 жаштагы Азиза Батырова. Ал Ош шаарында чоңойгондуктан айылга келин болуп барганда 3 жыл бою нан бышыра албай кыйналган.

Азиза жеңе жолдошу Айбек мырзадан 12 жашка кичүү. Жолдошу менен кантип баш кошуп калганын айтып берди.

«Кошуна эже кайненеме менин сүрөтүмдү көрсөтүптүр. Ушул кызды келин кылып алып берем деп апам өзү тандаган. Күйөөмдү биринчи жолу көргөндө анча маани берген эмесмин. Бирок, менин ата-энем анын үй-бүлөсү жакшы экенин айтып, ага турмушка чыгууну сунушташты.

Бир күнү жолдошум мага чалып туулган күнгө барып келүүмдү суранды. Макул болуп барсам, кайненем жоолук салып отургузуп койгон. Көрсө түз эле жолдошумдун үйүнө барыптырмын», - деди Азиза.

Жаңы келин болгондо от жакканды билбеген жеңе учурда сабиз отоп, пахта терип, талаа иштеринин да майын чыгарат.

«Жаңы келин болуп келгенде эртең менен уктап калган күндөр болду. Эртең менен саат жетиде турсам кайненем эшикти шыпырып койгон болот. Уялганымдан чайга кирбей, суу алып келүү үчүн кетип калчумун. Шаарда чоңоюп тандыр көрбөй, нан бышырбагандыктан өтө кыйналгам. Камыр жууруганды да кайненем үйрөттү. Кээде камыр жууруп коюп, мектепке жумушка кеткенде жолдошум тандырга нан жаап койчу», - деп эскерди. 

Азиза жеңе жолдошу Айбек Исмадияров менен чогуу түтүн булатканына 8 жыл болду. Алар учурда 3 баланын ата-энеси. Каарманыбыз мектептеги окуучуларга информатика сабагын окутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×