Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

«Жеңеке»: Шахида жеңе кошунасына күйөөгө тийгени менен ата-энесине айына 1 гана жолу барат (фото)

Turmush -  Таластык 34 жаштагы Сүйүтбекова Шахида жеңе апасынын каршылыгына карабай, 2 үй төмөндө жашаган кошунасына турмушка чыккан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Түйтө айылында туулган. Кошунасы Дахир Мышыковго 2003-жылы турмушка чыккан.

«Жолдошум менен тааныш эле болчубуз. 2000-жылдан баштап, мен 11-класста окуп жүргөндө бир күндөлүктүн айынан кыз-жигит болуп сүйлөшүп калганбыз. Классташ кыздарыбыз менен бир кызыбыздыкына айттап барганбыз. Ошол жактан колумдагы күндөлүгүмдү унутуп калыптырмын. Ошол күнү кечинде күндөлүктү издеп барып, жолдошум узатып келген. Ошондон кийин көп адамдардын, апамдын каршылыгына карабай, 3-курс кезимде баш коштук.

Келин болуп келгенде ары күлкүлүү, ары кыйын учурлар көп болду. Тентек кызды келин кылып алышты деп сынагандар дагы көп болду. Камыр жайганды абысынымдан үйрөнгөм.

Бир күнү тоокканага түлкү кирип кетиптир. Тооккана аябай жапыс болчу. Жолдошум менен үндүк издеп жүрүп, ичин карайбыз деп биринчи жолдошум кирип кеткен. Аркасынан мен кирем деп тез кайрыла калсам темир башымды сыйрып кетти. Ыйлап, жаман сөздөр менен ызы-чуу салып жатсам, аркамда кайын атам туруптур. Тып басылган бойдон үйгө чуркадым. Уялып, атамдын бетине көпкө карай алган эмесмин. Эртеси келип карасам, чачтарым баягы тооккананын темиринде калып калыптыр. Ал жаратым 1 ай дегенде айыккан», - деди ал.

Шахида жеңе 2 үй аралыкка карабастан ата-энесиникине 1 айда 1 гана жолу бара тургандыгын кошумчалады.

«Мага кайын агаларымды тергеп айтуу кыйынчылык жараткан жок. Кайын атам да, кайын энем да өз кызындай карашат. Жолдошум кандай жумуш жасасам да дайыма жардам берет. Элибизде «төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт» деп айтылат эмеспи. Бирок, мен 2 үй эле аралыкта туруп, төркүнүмө 1 айда бир барам», - деди жеңе.

Каарманыбыз учурда учурда 2 уул, 1 кыздын апасы.

Тема боюнча:

29.06.2017«Жеңеке»: Нургүл жеңе мотоцикл менен суу ташып, айылда «Супер келин» атка конгон (фото, маек)
16.08.2017«Жеңеке»: Айткүл жеңе ооруканадан качып чыгып, жолдошу менен сүйүү майрамын белгилеген (фото, маек)
16.02.2017«Жеңеке»: Жазгүл жеңе кудалашкан баладан баш тартып, жеңесинин инисине турмушка чыккан (фото)
16.02.2017«Жеңеке»: Кайын атасы тамагын мактап жеген Айнура жеңеге нан жапканды жолдошу үйрөткөн (фото)
17.02.2017«Жеңеке»: Олеся жеңени балдакчан жүргөнүнө карабай Таласка келин кылып алышкан (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×