Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Барса келбес атка конгон Баткендеги Кан-и-Гут үӊкүрүнүн баяны (фото)

Turmush -  Баткен чөлкөмү орто кылымдарда Жейхун (Аму дарыя), Сейхун (Сыр дарыя) дарыяларынын аралыгында жайгашкан Мавераннахр өлкөсүнүн курамында болгон. Орто кылымдардагы саякатчылар бул аймакта байыркы мезгилдерден бери тоо-кен байлыктары өтө көп экени жөнүндө далай ирет жазышкан. «Баткен» деген сөз да байыркы иран-парс тилинен которгондо, «кендин шамалы», «кендүү жер» деп чечмеленген.

Араб-парсы жана кытай булактарында чагылдырылгандай, бул аймак б.з. I кылымда кен байлыктары жана кен иштетүү боюнча атагы чыгып, Ферганадан түрк туткундары менен кошо ак кездемелер, курал-жарак, кылыч, жез, темир сыртка чыгарылып, Фергананын темир буюмдары, айрыкча курал-жарактар Багдадка чейин сатылып турган.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Авдинаби Кадыровдун айтымында, б.з. I кылымында Баткен аймагындагы атагы чыккан Кан-и-Гут кени жөнүндө алгачкы маалымат атактуу дарыгер Абу Али ибн Синанын эмгектеринде кездешет. Анда: «Акылмандар бардык алтындарын жана асыл таштарын дүйнөнүн ар кайсы жерлерине жашырышкан, ага ээлик кылуу оңой эмес. Мисалы Мавераннахр өлкөсүндө тоолордун арасында жайгашкан Исфара деп аталган шаар бар. Анын аймагында Гут деген аталыштагы жай бар. Акылмандар казынасын ошол жерге жашырышкан жана ага каргышты кошо калтырышкан. Бул жөнүндө жазууга жана айтууга так сан жок».

(Сүрөттөрдүн айрымдары Канатбек Шарипбековдуку)

Дарыгердин эскерүүсүнө караганда, мындан 20 кылым мурда бул аймакта кен казуу иши өнүгүп, асыл таштар баалуу кен байлыктар алынып тургандыгы жөнүндө жалпыга маалым болгон.

Бул кен Баткен районундагы Самаркандек кыштагынан 18 км түндүк-батыш тарабында Майдан-Тоо этегиндеги Шадымир коктусундагы суусуз, бадалсыз какыр адырда жайгашкан. Сыртынан караган көзгө ал үңкүрдүн табигый жактан башка үңкүрлөрдөн эч кандай айырмачылыгы жок. Бирок, нечендеген кылым сырларын өз ичине каткан бул барса келбес үңкүрдүн табышмактуу сырларынын жандырмагы табылбай келет. Үңкүрдүн узундугун ушуга чейин эч бир изилдөөчү тактай албай, бири 30 километр дешсе, дагы бири 300 километр деп болжоп, жер астындагы кереметтүү көрүнүштөрдү, бир нече кызыл түстүү көлдөрдү жана табигый кубулуштары менен кошо адамзаттын колу менен жаралган укмуштар жөнүндө жазышкан.

Көптөгөн казына издөөчүлөр бул үңкүргө байлык издеп келишип, түбөлүк ушул жерде калышкан болсо, дагы көптөгөн пенделерди зордоп, алып келип иштетишкен. Аларды кайра чыгарышпай өмүрүнүн акырына чейин иштетишкен. Андан качып чыгууга да ачык жол болбогондуктан ал кен — өлүм кени «Кан-и-Гут» деп аталган. Адамдар мурдатан эле бул эң сырдуу кенден күмүш, сурьма, цинк, коргошун казып алып турушкан. Жер астындагы жумуштун оордугу жана ар кандай уулуу заттардын таасири да мындагы жумушчулардын өмүрүн мезгилинен мурда кыскартып турган. Алардын сөөктөрүн да жер астындагы кен казылып алынган кудук-чуңкурларга көмүп салышкан.

Байыркы жана орто кылымдардан бери Фергана өрөөнүнүн байлыктары канчалаган пенделердин көзүн кызартып, сугун арттырган. Нечен кылымдардан бери бул кен байлыкка сугун арткан канчалаган падышаларды согуштуруп, канчалаган пенделердин канын ичип, акыркы 100 жылдан ашык мезгилден бери дагы эчендеген изилдөөчүлөрдүн башын маң кылып, өлүм кени же барса келбес деген атка конуп, нечендеген пенделер байлык издеп, ошол байлыкка кошулуп, сөөктөрү түбөлүк ошол жерде калган бул табышмактуу үңкүрдүн чечилбес сыры эмнеде?

Бул үңкүр кенге кирүүчү негизги жол кадимки эле үңкүрдүн ичинен башталат жана сыртынан караганда жана ички түзүлүштөрү да башка табигый үңкүрлөрдөн эч айырмаланбайт. Үңкүрдүн ичиндеги жолдор бири-бири менен тыгыз байланышып калгандыктан, биринчиси кайсы жерден аяктап, экинчиси кайсы жерден башталарын ажыратуу кыйын.

Бир жагынан табигый үңкүрдөн мындай баалуу кендин казылышы таң калууну жаратса, экинчи жагынан кол менен жүргүзүлгөн казуу иштери ага шайкеш келип, экөөнү айырмалоо көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырган. Ошондуктан изилдөөчү В.Цибанов: «Бул жөнөкөй эле карстык үңкүр эмес, кен менен үңкүрдүн гибриди», - деп атаган.

Бул үңкүрдүн мурдагы жергиликтүү аталышы Заук-Кур деп аталып, кийинки Кан-и-Гут (Өлүм кени) деп аталышы Кокондун ханы Кудаяр менен байланышкан. 1850-жылы үңкүргө бир канча жумушчу менен кокондук корбашы келип, үңкүрдүн оозундагы ага түшүнүксүз тилдеги жазууну көргөн. Кийин үңкүрдүн оозу талкаланып, жазуу жок болгон.

Мына ушул мезгилдерде Кан-и-Гут үңкүрүндөгү «укмуштуу» байлыктар, эл арасында аңызга, легендага айланган. Доорону жүрүп турган кезде Кудаяр хан күнөөлүүлөрдүн жазасын ушул кенде өтөөгө, айрым оор жазага туш болгондорду өмүр бою иштетүүгө, хандыктагы айрым өзүнө жакпаган кызматкерлерин мына ушул кендеги «укмуштуу» байлыктарды алып келүүгө мажбурлаган. Хандыктагы кызматкерлер казына байлыктарынан же казына жөнүндө жаңы билдирүүлөрдү алып келе алышпаса, аларды өлүмгө буюруган же кайрадан жер астындагы казынаны таап келүүгө жөнөтүшкөн. Ошондуктан алар өлүмдөн аман калуу үчүн казынадагы укмуштуу байлыктарды легендага айландырышып айтып келишкен. Уктап жаткан алмаз көздүү төө, жапжашыл өсүмдүктөр, кызыл суу көлү, күмүш кирпичтерден тургузулган дубалдар, коркунучтуу дөөлөр жана башкалар жөнүндөгү аңыздар мына ушул жагдайлардан айтылып, ал Мавереннахрдагы укмуштуу казынаны табууга көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган.

Бул ажайып үңкүрдүн ички түзүлүшүн билүүгө жана анын сырларын ачууга, адамзаттын акыл дарамети жетпей тургандай өңдөнгөн табышмактарына изилдөөчүлөр Н.Малицкий, М.Андреев, Г.Максимов, А.Соседко, С.Дудашвили, В.Цибанов жана башкалар кызыгышкан.

1881-жылы Кан-и-Гутка 1-жолу изилдөөчү А.И.Вилькинс келип, анын жогорку катмарын карап чыккан. 1896-жылы археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстан кружогунун тапшыруусу боюнча өлүм кенине изилдөөчүлөр Н.Г.Малицкий менен М.С.Андреев келишет. Аларда болгону бир аркан, бир канча шам, кол чырак, күрөк жана теше болгон. Жергиликтүү малчылардын жол баштоосу менен алар биринчи жолу үңкүрдүн ичине киришкен. Үңкүрдүн ичинде тез эле адашып кетүү, кайра чыгуунун кыйындыгы, коркунучтуулугу жөнүндө изилдөөчүлөргө жергиликтүү малчылар айтышкан. Үңкүрдө казына катылгандыгын, аны сыйкырдуу күч коргоп тургандыгын, ага түшкөн беш адам өлүп, алардын сөөктөрү алиге дейре ал жакта жаткандыгы жөнүндө да билдиришкен.

Бул изилдөөчүлөр Кан-и-Гуттун жер астындагы системасынын кире бериш босогосунан ары өтө алышкан эмес жана ал кезде жер астындагы кыйма-чийме лабиринттердин канчага созуларын да эч ким айта албаган. Алар 1000 жылдан ашык мезгил бою иштеп турган бул кенде күнүнө 1 метрден казылганда деле, жер астындагы жол 300 км кем болбосо керек деп болжошкон.

1920-жылы бул үңкүргө жергиликтүү басмачылардын тобу жашынышкан. Мына ушуга байланыштуу Түркстан Республикасынын өкмөтү Р.И.Бокиянын демилгеси боюнча комплекстүү Кан-и-Гут экспедициясын уюштуруу долбоорун бекиткен. Долбоордун негизинде Кан-и-Гутка геологдордун биринчи экспедициясы жөнөтүлгөн. Анын курамына метерология, зоология (анын ичинде энтомология), ботаника, геология жана археология боюнча адистер кирген. Инженер И.Беловдун 20 күндүк ишинин натыйжасында үңкүрдүн башкы кирүү жолунун жана негизги аянттарынын жайгашуу планы тартылган. Үңкүрдөгү биринчи чуңкурдун тереңдиги 43 метр, анын узундугу 49 метр экендиги аныкталган. Андан да таң калыштуусу экинчи чуңкурдун чыгыш жагындагы жол өтө татаал, көп фигуралуу коридорлор, үңкүрдүн ичиндеги үңкүрлөр аркылуу жүрүп отуруп, негизги үңкүрдөн түштүк-батышка карай 600 метрден кийин сыртка алып чыгары аныкталган. Башкача айтканда үңкүрдүн сыртка чыгуу жолу ачылган. И.Белов тарабынан түшүрүлгөн бул план үңкүрдүн жер астындагы системалык жайгашуусун так чагылдырган жалгыз план болуп саналат. Пландагы сансыз өткөөлдөр, залдар жана эңкейиштердеги аталыштар курч окуялуу чыгарманы эске салат: «Кызыл суу бассейни», «Скелеттер залы», «Таң калуу көпүрөсү», «Экинчи туңгуюктун түбү», «Төө үңкүрү», «Ажыдаардын жолу».

И.Беловдун бул изилдөөсү биринчи жолку изилдөө болгондугуна карабастан, ал үңкүр-кенди изилдөөлөрдүн тарыхындагы абдан маанилүүсү болгон. Анткени үңкүрдүн жер астындагы систематикалык жайгашуусу абдан так түшүрүлгөн. Ал тарабынан аталган аталыштар, кийинкилер тарабынан толук кабылданган жана бүгүнкү күнгө чейин алар маанисин жоготпостон, кайра күн өткөн сайын анын табышмактуу сырынын кайра жаңы-жаңы барактары ачылууда.

Бул изилдөөдө инженер И.Бездека тарабынан кен казуу иштеринде пайдалануучу жыгач пааналар табылган жана кен казуучу төрт кырдуу аспаптын кен боорлорундагы издери аныкталган. Демек мындагы кен казуу жумуштары негизинен кол күчү менен аткарылган.

Кан-и-Гутту Е.Алексеева Орто Азияга экспедиция даярдаган учурда изилдеген. Үңкүр-кен жөнүндө «Россия геология коомунун Түркстан филиалынын кабарларында» макала жарыяланган. Анда: «Мен үңкүрдүн схематикалык планынын көчүрмөсүн көрүп, канчалаган ой-пикирлердин алдында ал эч нерсеге турбастыгын сездим. Жер алдындагы залдардын, баш айлантуучу жолдордун лабиринти планда да, тик жүрүштөрдү чагылдырууда да өтө окшош. Схемадагы белгилер каракчылык романтикага негизделип, төмөнкүдөй аталган: «№1-скелет», «№2- скелет», «Ажыдаардын лабиринти», «Таң калуу көпүрөсү», «Кызыл суу бассейни», «Төө үңкүрү», «Биринчи тунгуюктун түбү», «Экинчи тунгуюктун түбү» жана башкалар» – деп жазылган.

Бул аталыштар өзү эле мында адамзаттын нечен кылымдардагы оор тагдырларынын издери жаткандыгын кабарлайт. Ал фразалар изилдөөчүнү таң калтырган жана бул аталыштар жалпы изилдөөчүлөргө таандык катары кабылданган.

Өткөн 100 жылдыктын 20-жылдарындагы бул изилдөө сырдуу үңкүрдүн тарыхында жаңы барактарды ачкан. Ошол изилдөөдө М.Масон жана Б.Литвинский сыяктуу көрүнүктүү археологдор Борбордук Азиянын тарыхында кен байлыктарын казуунун көлөмү жана мезгили боюнча Кан-и-Гутка тең келе турган теңдеш жок деп аныкташкан.

Дагы бир изилдөөчү Г.Максимов: «Кан-и-Гут чындыгында уникалдуу сполеообьект, ал мурдагы СССРдин аймагындагы мындай объектилердин жападан жалгызы десек болот. Ага жакын болгон Төө-Моюн өрөөнүндөгү Ферсмандын үңкүрү Кан-и-Гуттан бардык параметрлери: көлөмү, тарыхы, мезгили, породасынын курамынын ар түрдүүлүгү д.у.с. боюнча бир топ артта», – деп белгилеген.

Демек, бул ири үңкүр-кен жападан-жалгыз болуп, мурдагы СССРдин аймагында мындай ири кен казуунун болбогондугун айгинелесе, экинчиден, бул аймак кен казуу боюнча башкалардан бир топ мурда өнүккөндүгүн маалымдайт.

1972-жылы уюшулган биринчи спелеологиялык экспедиция бул сырдуу үңкүрдүн сырын ачууда белгилүү кадам жасаган. Тилекке каршы, убакыттын тардыгынан спелеологдор үңкүрдүн топографиялык жайгашуусун так түшүрө алышкан эмес. Алар үңкүрдүн жолдору 30 км ден ашык деп эсептешкен. Чоң залдар жана түпсүз чуңкурлар табигый, алар карстык жараян менен байланыштуу деген божомолду ырасташкан. Үңкүрдө кезеги менен ар түрдүү жараяндар «аракеттенген». Биринчи гидротермокарстык катмар пайда болуп, толук же жарым-жартылай ар түрдүү курамдагы кен минералдары менен толукталган. Андан кийин суук карстык суу катмарлары пайда болгон. Андан кийин ал жерге адамзат барып, байыркы үңкүрдү кенден тазалап, алгачкы формасын калыптандырган, андан кийин ал жерлерди кайрадан кен таштандылары менен толтурушкан.

Борбордук Азиядагы кен казуу иштерин адистер таш дооруна таандык деп эсептешет. Биздин ата-бабаларыбыз ар түрдүү, баалуу металлдарды казып алууда жеңил жана кынтыксыз ыкманы колдонушуп, аны жогорку чеберчиликте өркүндөтүшкөн. Алардын бул ыкмалары бүгүнкү изилдөөчүлөрдү таң калтырат. Изилдөөчүлөрдүн бир тобу кен казуу иштеринде балка, чукулдуктарды пайдаланышкан деп аныкташса, экинчилери, бул гипотеза абдан туура, логикалуу, бирок адамдын колу чыканагына чейин батпай турган тар өткөөлдөрдү кантип казышкан, ошондуктан бул гипотеза дагы да изилденүүгө тийиш дешет. Дагы бир таң калыштуу жагдай алгачкы кен казуучулар кандай усулдарды колдонушкандыгы белгисиз. Анткени орто кылымдарга чейин тоо кен иштери боюнча бир да окуу китеби же колдонмо болгон эмес.

Мында кен казуу иштери VI кылымдан XI кылымдын башталышына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, андан коргошун жана темир казылып алынып турган. Ал жөнүндө тарыхый булактарда так чагылдырылган. Мына ушул фактылар эле бул кенде 500 жыл бою үзгүлтүксүз коргошун жана темир казылып алынып тургандыгын далилдейт. Бул аймакта 5 кылым бою темир казылып алынгандыктан, аны иштетүүдө бир топ деңгээлде тажрыйба топтолгон. Андан буюм-тайымдар, курал-жарактар жасалган, алар чет өлкөлөргө чейин сатылып турган.

Кыргыз ССРинин тиешелүү уюмдарынын Кан-и-Гуттагы геологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча: «Үңкүр бир нече ярустуу системада жер астындагы өткөөлдөрдө жайгашып, болжолу 30 га жакын камерадан турат. Алардын эң ирисинин өлчөмү 68 Х 29 метр, жалпы системанын көлөмү 100 миң куб метр. Көпчүлүк өткөөлдөр али урандылардан тазаланбагандыктан, бул цифралар али толук аныктала элек. Үңкүргө кирүүчү 3 жол аныкталды, төртүнчүсү да болуу кере. Биринчи жана экинчи кирүүнүн аралыгы 1 км жакын».

Мындай ири өлчөмдөгү камералар жана залдар табигыйбы же колдо жасалганбы деген суроолорго изилдөөчүлөр али так жооп табыша элек. Алар изилдөөчү Н.Маллицкийдин Кан-и-Гуттагы ири залдар жана бир катар түпсүз туңгуюктар табигый түрдө жана алардын пайда болушу карстык түзүлүш менен байланыштуу деген пикирине кошулушкан.

Башка изилдөөчүлөр да көпчүлүк өткөөлдөр кийинки кен казуучулардын таштандылары жана урандылар менен толуп калгандыктан, алардын өлчөмүн так аныктоо кыйын экендигин ырасташкан. «Башкы үңкүр алыстан көрүнүп турат. Биз кирүүнүн тогуз жолун таптык. Анын ичинен үчөө жасалма жана бирөөсү табигый кудук», деп белгилеген изилдөөчү В.Цибанов. Кийинки изилдөөчүлөр тарабынын бул кирүү жолдорунун табылышы чоң ачылыш болгон, бирок буга чейинки изилдөөчүлөр табигый кудукту ага кирүүчү жол деп күмөн да санашкан эмес.
В.Цибанов: «Жер астындагы боштукту далилдеген суук шамал чуңкурдун оозунан чыгып турат. Үңкүрдөгү жүрүүнүн жалпы узундугу (чыгуу жолун кошбогондо) бир маалымат боюнча 20 км жакын. Башка маалыматта 80 км. Тереңдиги төмөнкү үңкүрдөн 150 метр, түбүндө суу бар».

Жер астындагы шахтанын өткөөл жолдору көп ярустуу болуп, горизонталдык жана вертикалдык багыттарда кеткендиктен, анын барына эле изилдөөчөлар бара алышкан эмес. Ал эми тик ылдый кеткен чуңкурлардын айрымдарына таш ыргытуу менен гана чектелишип, анын астында суу бар экендигин аныкташкан. Мына ушундай ар бир изилдөөчүнүн үңкүрдөгү ички жүрүүлөрдүн узундугу жөнүндөгү маалыматтары ар түрдүү. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, бир да изилдөөдө үңкүрдү толугу менен кыдырып чыгышып, анын жайгашуу планын жалпылап түшүрө алышпаганында. Анын негизги себеби: барын толук кыдырып чыгууга үлгүрүшпөгөн, экинчиден, баш айлантма лабиринттерди толук анализдөөгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу, үчүнчүдөн, жер астында көп мезгил боло албастык болгон.

Көпчүлүк изилдөөчүлөр: «Кайсы жолду тандабагын, аны менен төмөн карай жүрсөң же кайсы лабиринт аркылуу жүрүп олтурсаң да, ал акырында «Төө үңкүрүнө» алып барат», – деп белгилешкен. Изилдөөчүлөрдүн белгилөөсү боюнча бул үңкүрдө төө сыяктуу бийиктиги 5 метр же андан да бийигирээк дөбө бар. Уктап жаткан алмаз көздүү төө жөнүндөгү орто кылымдардагы легенда мына ушул жерге таандык. Бул кең жана татаал конфигурациялуу зал. Муну биринчи көргөн ар кандай адам бул залдын ушул даңктуу айбанатка таандык экендигин жазбай билет. Бул залга канча жол келип, канча жол кетерин тактоого мүмкүн эмес, анын себеби: биринчиден өптүгү болсо, экинчиден, көп ярустуулугу жана баш айлантмалыгы болгон.

Үңкүрдүн географиялык жайгашуусу жөнүндө изилдөөчү А.Ф.Соседко: «Үңкүргө карай негизги жол чоң дализден башталат. Анын узундугу 21 метр туурасы 10 метр. Дализден чоң залга өтө. Андан оңго жана солго карай бир нече туңгуюк жолдор бар. Жол залдан ары карай анча чоң эмес камераларга алып барат. Залдан жол таап чыгуу үчүн арткы дубал аркылуу 4 метр көтөрүлүү керек. Анча чоң эмес үңкүрлөрдүн боору менен 14 метр жүргөндөн кийин бийиктиги 12 метр болгон шыбында «терезеси» бар жарык үңкүргө келебиз».

Кууш жолдордон кийин булак суусу бар бийик үңкүр башталат. Туюк жолдордун биринде таза суулуу булак бар. Булактуу үңкүргө чейин багытты түштүк-батышка карай 250 градуска буруу керек. Булактуу үңкүр түндүк-батышка карай 350 градус багытта турат. Бул үңкүрдүн түндүк жагынан жел согуп туруучу тешик аркылуу чыгып, начар эңкейиш аркылуу биринчи туңгуюктун үстүндөгү асканын балконуна барабыз. Мындан биринчи туңгуюктун түбүнө 40 метр ашык тереңдикке түшүү керек. Бул эңкейиш татаал, аркан тепкич айланып тургандыктан, жарык кылууга мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан, кол чыракты жамбашка тоскоол болбогондой кылып байлоо керек, мында учураган карниздерден эпчилдик жана чыдамкайлык менен өтүү зарыл.

Биринчи туңгуюктун бийиктиги 43, узундугу 49, туурасы 19 метр. Туңгуюктун түбү тегиз эмес, чоң таштар жана майда таштандылар менен толуп калган. Мындан эгерде чыгышка карай жаракага туура жүрсөң кууш, өтө баш айлантма, бир канча туюк жолдорго кабыласың.

Бул баяндан улам кендин географиялык жайгашуусун, кендин канчалык деңгээлде иштетилгендигин жана кенди изилдөө үчүн жолдун татаалдыгы өзү эле бир топ машакат экендигин сезүүгө болот. Бир туңгуюктун өзү эле ушунча машакат болгондугун эске алганда, мындай туңгуюктар, залдар, үңкүрлөр, өткөөлдөрдүн дагы канчалаганы турат.

Кан-и-Гутту геологиялык экспедиция да бир нече жолу изилдеп чыккан. 1933-жылы геолог А.Соседко үңкүрдө жана анын айланасында жаңы табылгаларды тапкан. Башкы үңкүрдөн түштүккө карай кеткен Занкур-Сайдан орто кылымдарга таандык кенчилердин тургун жайы жана VIII-ХI кылымдардын башталышына таандык керамика буюмдарынын калдыктарын аныктаган. Мындай табылгалар ушул эле сайдын 300-400 метр түштүк карама-каршы жагында учураган. Бул жерлерден руданын калдыктары, башкы үңкүрдөн 40 метр аралыкта темир эритүүчү меш табылган.
Ал табылгалар бул аймакта кенчилердин тургун жайы болгондугун аныктоо менен, кол өнөрчүлүк да өнүккөндүгүн далилдейт. Бирок дагы бир таң калыштуу нерсе темир эритүүчү мештери кандай болгон, бул мештерде руданы канчалык жогорку температурада, кандай ыкма менен эритишкен, ага эмнени колдонушканы али белгисиз бойдон калууда.

Изилдөөчү К.Парменов Кан-и-Гуттан 13 км батыш тарапта жана Мадыген кыштагынан 3 км батышта Ырыс-Сайдын 250-300 метр аягында рудаларды ири өлчөмдө эритүүчү жайды тапкан. Руда эритүүчү мештердин чуңкурлары, рудалардын шлактары жана калдыктары ээлеген аянт 2 гектарга жакын болгон.

Демек бул кенден казылган ири өлчөмдөгү рудалар ушул эле аймактарда эритилип турган деген тыянак чыгарууга болот. Бирок бул бүтүм атайын уюмдар тарабынан иликтенип, толук жыйынтык чыга элек. Ал эми бул рудалар канчалык өлчөмдө, кантип эритилген, кантип иштетилген жана кайда жөнөтүлүп турган деген суроолор али ачык бойдон калууда.

Кан-и-Гутта кен казуу иштери СССРдин мезгилинде 1947-48-жылдары кайрадан жандандырылган. Ал 3 горизонтто заманбап усулдар менен казылып алынып, рудасы Казакстандын Чымкент шаарына ташылып иштетилген. Мына ушул мезгилде Кан-и-Гут кени жарым металлдарды экономикалык жактан эң ыңгайлуу өндүрүүчү объект катары бааланып, андагы 1 тонна рудадан 0,3төн 15 кг чейин күмүш алынган. Шадымир коктусу тез эле жанданып, ал жер кенчилердин шаарчасына айлана баштаган. Ал шаарча Кулан шаар тибиндеги кеңеши деген макамга ээ болуп, анда 300гө жакын үй-бүлө катталган. Электр энергиясы жеткирилип, мектеп, бала бакча, клуб, медпункт, соода түйүнү, ашкана, жумушчулар үчүн кызматтык үйлөр курулган. Бирок жер астындагы суунун деңгээлинин чукул көтөрүлүп кетишинин натыйжасында 1955-жылдары иш токтоп калган. Канчалык аракет кылышкан менен жер астындагы суунун деңгээлин төмөндөтө алышкан эмес.

Кан-и-Гутта болгон ар бир адамга гиганттык үңкүрлөр, тарыхтын мөөрлөрү, минералдык кубулуштар баары эсти тандыра турган таасир калтырат. Жергиликтүү кыргыздар XVIII кылымда мындан руда алышып, коргошундан ок жасап турушкандыгы жөнүндө маалымат бар. Жергиликтүү жашоочулар арасында бул үңкүргө кайсы бир учурда бир бакшы кирип, ал бир канча күндөн кийин Тажикстандын Канибадам шаары тараптагы бир үңкүрдөн чыккан имиш деген сөз бар.

Кан-и-Гут табигый жана адамзаттын колу менен жасалган өзгөчө табигый-тарыхый феномен экендигине карабастан, алиге чейин өтө аз изилденген объект. Мындагы ар бир жаңы изилдөөлөр анын айланасындагы табышмактуу сырлардын, алардын жандырмагын чечпестен, кайра жаңы-жаңы суроолорду жаратууда.

В.Галактионов жетектеген топтун Батыш Тянь-Шанга жасаган экспедициясы тууралу отчетунда: «Кан-и-Гут үңкүрү абдан татаал, кээ бир жерлери өтө коркунучтуу. Ошого карабастан ал өтө кызыктуу. Мындан ары аны изилдөөнү улантуу зарыл», - деп белгилеген.

Жыйынтыктап айтканда бул объектте комплекстүү изилдөө жүргүзүү бүгүнкү күндүн негизги милдети.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×