Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ош облусунда эки күндө 417 жолу жол эрежеси бузулуп, 6 мас айдоочу кармалды

Turmush -  Ош облусунун аймагында эки күндө жол эрежесин бузган 417 учур катталып, 6 айдоочу мас абалда кармалды, деп билдирди ОИИБдин Патрулдук милиция кызматы.

Маалым болгондой, облустун аймагында 14-15-февраль күндөрү «Рулда» аталышындагы рейд уюштурулду. Ал эми, 1-январдан 16-февралга чейин облуста 67 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 учурга көп.

Жыл башынан бери жол кырсыктарынын кесепетинен 125 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алды. Өспүрүмдөрдүн катышуусунда 16 жол кырсыгы катталып, 18 өспүрүм денесинен жаракат алган.

«Кырсыктар айдоочулар тарабынан унааны кууп өтүп, жол эрежесин, аралыкты сактабагандыктан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, чектелген өлчөмдөгү ылдамдыкты ашыруудан, мас абалында унаа башкаруудан болуп жатат. Андан улам жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жыл башынан бери ар кандай профилактикалык рейддер өткөрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө», - деди Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Бечелов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1393
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу