Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Фото — Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты А.Дүйшалиев мектепке 60 миң сом тапшырып, ооруканага 300 миң сомдук жардам көрсөттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында жашаган жеке ишкер, шаардык кеңештин депутаты Аскат Дүйшалиев Б.Рысбеков атындагы шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна жана Д.Шопоков атындагы №4 орто мектепке колдоо көрсөттү. Ишкер социалдык мекемелерди 360 миң сом менен каржылады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бүгүн, 17-февралда №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты менен шаардык кеңештин депутаты А.Дүйшалиев жолугуп, буга чейинки убадаларын аткарып баштаганын айтты.

«Биз билим сапатын жакшыртуу үчүн мугалимдер менен окуучуларды ар тараптан колдошубуз керек. Сиздерге берилип жаткан 60 миң сомдун 30 миң сому чейректин жыйынтыгы менен сабагын жалаң төрт-бешке окуган окуучуларга стимул болуу үчүн сыйлык берүүгө жумшалат. Башка окуучулар дагы аларга окшоп сыйлык алгысы келет, кызыгышат. Анын арты менен жакшы окуганга умтулушат деген ойдомун. Ал эми, 20 миң сому предметтик олимпиадаларга катышып, шаардык, облустук, республикалык турларда жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучулардын мугалимдерине сый акы катары берилет. Калган 10 миң сом ай сайын ушул №4 Д.Шопоков атындагы мектепте шаардык деңгээлде предметтик олимпиада өткөрүүгө бөлүндү. Муну ай сайын салтка айлантуу керек. Ай сайын 10-15 миң сомдон акча бөлүп, окуучуларга керектүү планшет, ноутбук өңдүү кызыктыруучу сыйлыктарды алып берип турабыз», - деди жеке ишкер А.Дүйшалиев.

Ошондой эле, шаардык оорукананын жамааты менен жолугуп, 38 даана матрац, 38 даана жууркан, жаздык жана шейшептердин топтомун тапшырды. 

«Ден соолугума байланыштуу ооруканага көп жатам. Ошол себептен оорукананын абалын жакшы билем. Өзгөчө бейтаптар жатуучу матрацтар эски. Шаардык оорукана үчүн 200 даана матрац, 200 даана жылуу жууркан-төшөк, жаздык, дарыгерлер үчүн 50 халат тиктирүүгө буйрутма берилген. Бүгүн анын ичинен алгачкы 38 даана топтом даяр болуп, тапшырып жатабыз. Алардын бары өзүбүздүн Кара-Көл шаарындагы тигүү цехтерде даярдалды. Муну менен биздин шаардагы тигүүчүлөр жумуш менен камсыз болсун деген максатты да көздөдүк.

Мындан ары да шаарга колдон келген жардамымды көрсөтүп турам. Шаардык оорукананын көп көйгөйлөрүн чечүү максатым бар», - деди Аскат Дүйшалиев.

Маалым болгондой, оорукана үчүн жууркан-төшөктүн 200 даана топтомун тиктирүүгө 300 миң сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 943
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
vip.aser12
16:13, 20 февраля 2017
молодец депутат
Эң кызыктуу
×