Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Токтогулдагы хорсбол боюнча беттеште француздар жеңишке ээ болушту

Turmush -  Токтогул районунда өткөн хорсбол оюнунда француздар жеңишке жетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке жергиликтүү 6 команда жана Франциядан келген 2 команда катышты. Алгач жергиликтүү командалар беттешип, жеңүүчү аталган «Кызыл-Туу» аксакалдар» командасы француздардын командасы менен беттешти.

Жыйынтыгында француздар 7 упай, «Кызыл-Туу аксакалдар» командасы 6 упай топтоду.

Баш байгени ээлеген франциялык командага кубок, 1-орунду ээлеген «Кызыл-Туу аксакалдар» командасына 15 миң сом, 2-орунду ээлеген «Кызыл-Туу жаштар» командасына 10 миң сом, 3-орунду ээлеген «Бала-Чычкан ынтымак» командасына 5 миң сом тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 200
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×