При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Таш-Көмүр шаардык кеңеши мэрди шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу прокуратурага билдиришти

Turmush -  Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттары шаар мэрин шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу прокуратурага кайрылышты.

Кечээ, 16-февралда экинчи жолу Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо болуп, бирок талапкерлердин добуштары тең чыгып калган. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаттары аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин шаар башчылыгына КСДПдан С.Сансызбаев, «Мекеним — Кыргызстан» партиясынан Ө.Бабатаев жана А.Кулдышев талапкер болуп чыккан. Бирок, А.Кулдышев шайлоого чейин талапкерликтен баш тарткан. Шайлоонун жыйынтыгында С.Сансызбаев 14 добуш, ал эми Ө.Бабатаев 15 добуш алган.

«Мыйзам боюнча экинчи турга Ө.Бабатаев өтүп, С.Сансызбаев шайлоодон четтетилиши керек эле. Бирок, БШК айтып жатат деп, КСДП партиясынын талапкерин да экинчи турга өткөрүшкөн. Экинчи турда эки талапкердин добуштары тең чыгып, 15 добуш алышкан. Эми алар БШКнын чечимин күтүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Шаардык кеңештин депутаттары бул мыйзам бузууга прокуратура чара көрөт деп ишенет.

Мурда маалымдалгандай, Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо биринчи жолу 31-январда өткөн. Анда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Колоев Тимур, «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Кубатбеков Шайлообек, КСДПдан көрсөтүлгөн экс-мэр Шамшарбек Чойбеков жетиштүү добуш алган эмес.

Ал эми, Таш-Көмүр шаардык кеңешти шайлоого 7 партия катышып, анын ичинен 5 партия 7%дык чектен өткөн. Жыйынтыгында КСДП партиясына 11, «Өнүгүү-Прогресс» — 8, «Республика — Ата Журт» — 8, «Мекеним-Кыргызстан» — 3, «Кыргызстан» партиясына 3 депутаттык мандат тийген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу