Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Кочкордогу жергиликтүү депутаттар мандат алышты

Turmush -  Кочкор районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандаттар тапшырылды.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, район боюнча 11 айыл аймактан жалпы 171 депутат шайланган. Аларга буга чейин убактылуу мандаттар тапшырылган. Туруктуу мандаттарды тапшыруу иш-чарасына Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нурлан Керимкулов катышты. Аким эл өкүлдөрүн эл үчүн ак эмгек кылууга чакырып, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттарына жергиликтүү бюджетти бекитүү, депутаттын макамы, салык тармагы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2266
×