При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Жаш талант: Москвалык окуучулар Талгат менен Жусуп таштанды иштетүүчү унаа жасашты (фото)

Turmush -  Москва районундагы К.Сыйданов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары Мунарбек уулу Жусуп менен Талгат Мусаев таштандыларды кайра иштетүүчү унаанын макетин жасашты. Аймактык кабарчы жаш таланттар менен таанышты.

«Унаанын моделин 2 күн жасадык. Биз сунуш кылган унаа контейнерлер, пресс, күйүүчү бак, газ толуучу баллон, тегирмен, башкаруучу блоктон турат. Алгач таштандылар унаанын контейнерлерине жүктөлөт. Кагаздар пресстелсе, айнектер тегирмендин жардамы менен майдаланат. Ал эми тамак-аш калдыктары атайын xимиялык заттын жардамы менен ачытылат. Бөлүнүп чыккан биогаз атайын бакка келет. Анын жыйынтыгында машина жүрөт», - деди алар.

Алар мындан тышкары батарейкаларга туташтырып, желдеткичтердин макетин да жасашкан. Талгат келечекте туризм тармагында иштегиси келет. Ал эми Жусуп үйдө жалгыз бала. Келечекте программист болууну самайт.

Физика мугалими Элмира Өмүрбекованын айтымында, Талгат менен Жусуп идеяга бай окуучулар. Окуучулары «Илим, теxника жана өндүрүш» сынагында байгелүү орунга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×