Turmush - Талас районунун Манас айылында чоңойгон 30 жаштагы Тажыканова Олеся жеңе жолдошу Капар Акылбеков менен ооруканадан таанышкан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Таластын Үч-Эмчек айылына 2013-жылы келин болуп келген.
«2013-жылы февраль айында бутумдан оор операция болуп, түздөөчү темир салдырып ооруканага жатып калдым. Жолдошум ал учурда бөлмөдө жанымда жаткан бирөөнү көргөнү барган экен. Ошол адам аркылуу таанышып, соцтармак аркылуу сүйлөшүп калдык. Тез-тезден мага барып, жардам берип жүрдү. Таанып, билип сүйүүм пайда болгон. Ошол эле жылдын август айында үйлөнөлү деп сунуш киргизди. «Колумдагы балдагым менен кантип бармак элем, 1 жыл күтө тур айыгайын» десем болбостон Бишкектен Талас облусундагы Үч-Эмчек айылына алып келди», - деди ал.
Олеся жеңе буга катар эле буту толук айыга электе келин болуп келгени үчүн бир топ кыйынчылык болгонун белгиледи.
«Кайын атам менен кайын энем каза болуп калган экен. Жаңы келгенде кыйын эле болгон. Келинди кылган жумушунан сынайт эмеспи. Жолдошум 11 бир тууган. Алардын бары үй-бүлөлөрү менен конокко келишет. Аларга бир чоң чайнек чай жетпейт. Мага отуруп-туруу кыйын болгондуктан, бир чайнек чайды алып келип, аларга жетип калса экен деп өзүм чай ичпей отурчумун. Келин болгондон кийин 6 ай балдакчан жүрдүм. Биринчи уулум төрөлгөн соң бутума кайра операция жасатып, темирин алдырдым. Ал учурда кайын эжелерим 1 жыл жанымда болуп жардам беришти. Жолдошум бардык жүгүмдү өз мойнуна алып, өзүнүн чыдамкайлыгы, боорукерлиги менен мени айыктырып алды», - деди ал.
Олеся жеңе учурда 1 уул, 1 кыздын апасы.