При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Бала тили — бал: Ыйыскелдиге тиет окшойм, ал мага жагат, - 4 жаштагы Саида (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Талас шаарында жашаган 4 жаштагы Саида болмокчу.

- Атың ким Саида?

- (Күлүп) Айттыңыз го Саида.

- Канча жаштасың?

- Билбейм, апамдан суйаш кейек.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Доктуй.

- Алар эмне кылышат?

- Укол саят, бийдеке оюдан дайылайт. Бейбаш балдайды койкутат, укол сайып коем деп, ошо дайы бейет.

- Саида, сүйүү деген эмне?

- Сүйүү деген сүйөт.

- Сен кимди сүйөсүң?

- Эч кимди.

- Турмуш деген эмне?

- Билбейм.

- Апалар эмне кылат?

- Апалай балдайынын куйсагын тойгузат, идис жубат, жакшы көйөт күчүгүм дейт.

- Кыздар күйөөгө тиеби же балдарбы?

- Кыздай го дейм.

- Сен дагы күйөөгө тиесиңби?

- Тиет окшойм.

- Кимге?

- Бий балага.

- Баланын аты ким?

- Ыйыскелдиге тийет окшойм, ал мага жагат.

- Ырыскелдини кайдан тааныйсың?

- Ал бизге жакын эле жашайт да. Мен аны менен ойнойм.

- Күйөөгө тийгенде эмне кылат билесиңби?

- Жоолук салынат, чай ичет, балдай келгенде апа болот, жаңы телефон алат, доктуй болот.

- Балдар кайдан келет экен?

- Балдайды апалай Бишкектен алып келет. Машинеде үшүбөсүн деп ойоп келет.

- Сен чоңойгондо Бишкектен канча бала алып келесиң?

- Бийө, дагы бийө анан дагы бийө (3 колу менен көрсөтүп).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 569
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×