При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Атактуу актриса Мэрилин Монронун кымбат бааланган кош бойлуу учурундагы сүрөттөрү

Turmush -  Интернетке америкалык атактуу актриса Мэрилин Монронун кош бойлуу учурундагы сүрөттөрү жарыяланды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, сүрөттөр 1960-жылы июль айында Нью-Йорк шаарында тартылган. Кино жылдызы өзүнүн кесиптеши Ива Монтандан кош бойлуу болгону айтылган. Монронун курбусу жана сүрөттөрдүн автору Фрида Халл менен тааныш болгон Тони Майклс Daily Mail басылмасына берген маегинде, актриса кош бойлуулугун жашырып жүргөнүн айткан.  

2

«Биринчиден, Монро баласын жоготуп албаш үчүн кош бойлуулугун жашырып жүрдү», - деди ал. 

Майклстын билдирүүсүнө караганда, актрисага тиешелүү баалуу эстелик буюмдарды жана анын сүрөттөрүн сатуу тууралуу Фридага сунуш берген. Бирок ал бул сунуштан баш тартып, эч качан өзүнүн досу Мэрилинди сатпай турганын айткан.  

2014-жылы Фрида Халл каза болгондон кийин андагы сүрөттөр мүлкүнүн бир бөлүгү катары сатылган. Өткөн жылы ал сүрөттөр Голливудда аукционго коюлуп, 2 миң 240 долларга бааланган. Актрисанын окуясын жакшы билген Майкс анын кош бойлуу учурундагы сүрөттөрүн сатып алган.

«Менин оюмча, кино жылдызынын бул окуясын айтуу керек», - дейт Майкс.

Маалым болгондой, Монро балалуу болууну абдан самаган. Бирок, үч жолу боюнан түшүп, төрөй алган эмес. Ал эндометриоз (жатындагы клетканын табарсык, ичегиге чейин тарап кетүүсү) оорусу менен жапа чегип келген, бирок эне болуу үмүтүн үзгөн эмес. Ал эми бул (сүрөткө тартылган учурда ичинде көтөрүп жүргөн) баласын кантип жоготкону белгисиз.

3

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 604
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×