Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Нарындыктар жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн машыгышты

Turmush -  Нарында жаз айларында күтүлүүчү сел каптоо, суу ташкындарын алдын алуу максатында жарандык коргонуу боюнча пландан тышкаркы атайын машыгуу өттү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтымында, машыгууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жетекчилик кылды. Облус боюнча жарандык коргонуунун башкаруу курамына эртең менен саат 6:30да ыкчам жыйын кабарланып, жетекчи курам жыйынга чогулду. Машыгууга Нарын облусундагы жарандык коргонуу комиссиялары, көчүрүү комиссиялары, чарба объектилери жана айыл аймактар тартылды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облустук жарандык коргонуунун башчысы А.Кайыпов жана жарандык коргонуунун мүчөлөрү тарабынан облустук, Нарын райондук, Нарын шаарынын инженердик техникаларын кароосу №8 жол тейлөө ишканасынын базасында өткөрүлдү.

«Машыгуунун негизги максаты — Жарандык коргонуунун башкаруу курамына тез кабар берүү схемасын практикалык түрдө текшерүү, кызматтарды өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыкка келтирүү планынын реалдуулугун текшерүү, тактоо. Ошондой эле, облустук, райондук жана Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-ишканалардын күч каражаттарын, инженердик техникаларынын даярдыгын практикалык түрдө текшерүү. Мындан тышкары, Нарын облустук жарандык коргонуунун иш-чараларынын пландарынын реалдуулугун текшерүү, пландарды корректировкалоого багытталды», - деди А.Дүйшөк кызы.

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында облус аймагында жааган кардын калыңдыгы 80-90 см болуп, тоолордо жана кыштоолордо 1 метрден ашып, көп жылдык норманын чегинен жогору болууда. Кыргыз Гидрометеорологиялык агенттигинин берген божомолу боюнча, февраль айынын 3-декадасында жана март айында калың кар жаашы күтүлүүдө.  

ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул кырдаалдын кесепетинен жаз айларында сел каптоолор, суу ташкындары жана өзгөчө кырдаалдардын болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1287
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу