Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Нарындык пенсионер энелер тигүү цехин иштетип, неберелерин бакканга да жетишет (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары Зинагүл Коңурбаева менен Жылдыз Нурдинова пенсияга чыккандан кийин кыздардын себин даярдоого киришкен. Үйдө бош отурууну жактырбаган уз айымдар 2016-жылдын күз мезгилинен бери буюрутмалар аркылуу ар түрдүү жууркан-төшөктөрдү, килемче, жаздыкчаларды жасап беришет. Учурда заманбап терезе пардаларды, айымдар, мырзалар жана жаш балдар үчүн чыптамаларды тигип башташты. Алардын эмгектерине туристтер да кызыгып сатып алышат.

«Союз убагында экөөбүз тең (Ж.Нурдинова менен) чарба комбинатта иштедик. Союз тараганда жумушсуз калып, үйдөн узчулук менен алектенип жүрдүк. Учурда чакан тигүүчү цех ачып, буюрутмалар абдан көп болууда. Алгач кыздарга сеп даярдасак, азыр парда тигүүгө да жетишип жатабыз. Ошондой эле, неберелерибизди бала бакчага жеткирип, кайра алып келүү биздин экинчи жумушубуз», - деди З.Коңурбаева.

Алар Боогачынын 125 жылдык мааракесинде килемче, кыздын себин жасап көрсөтүп, 2-орунга ээ болушкан.

58 жаштагы З.Кудайбергенова 3 уул, 2 кыз жана 10 неберенин апасы. 55 жаштагы Ж.Нурдинованын 1 кызы, 1 уулу жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×