При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

«Жеңеке»: Кайын атасы тамагын мактап жеген Айнура жеңеге нан жапканды жолдошу үйрөткөн (фото)

Turmush -  Таластык 21 жаштагы Айнура Кулубаевага көмөч нан жапканды 28 жаштагы жолдошу Камил Исманалиев үйрөткөн. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен тойдон таанышкан.

«2014-жылы Талас шаарындагы мектепти аяктап, Талас мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшыргам. 2-курсумда жай мезгилинде курбумдун тоюна баргам. Ал жерде жолдошум биринчи дос кызыма жагып калыптыр. Бирок, ал менин жаныма келип. телефон номурумду сурады. Оюмда эч нерсе жок эле номурумду жазып бергем. Алгач дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Бара-бара достугубуз сүйүүгө айланып, ошол эле жылдын декабрь айында баш кошууга сунуш жасады. Чынында көпкө ойлонгом. 2-курста окугандыктан эмне болот деген ойлор болгон. Бирок турмушка чыккан кадамыма өкүнгөн жокмун. Учурда жолдошум төрөлгөн Кум-Арык айылында жашайбыз. Экөөбүз 2016-жылдын декабрь айында уулду болдук», - деди ал.

Жаш жеңе буга катар эле кайын атасы да абдан камкор экенин кошумчалады.

«Жаңы келин болуп келгенде кайын атамдын эрке келини болдум. Кайын энем 5 жыл мурун көз жумган экен. Эшикке от жагып, көмөч нан жапканды жолдошум үйрөткөн десем болот. Кош бойлуу кезимде барын өзү кылып жатты. Кайын атам дагы абдан камкор, тамак ылгап отурбайт. Тамагымды «сонун болуптур, азаматсың» деп жесе, ого бетер сүйүнүп калам.

Бир күнү нан бышырып жатып уктап калыптырмын. Бир маалда кайын атам тургузду. Үйдүн барын кара түтүн басып калыптыр. Туруп алып эмне айтарымды билбей аябай уялып жаттым. «Балам эшиктерди ачып коелу, Камил келгенче жаман жыттар кетсин» деп күйгөн нанды алып чыгып кетти. Жолдошум келгенче үйдү тазалап, атам экөөбүз эч нерсе болбогондой тосуп алганбыз. Атам жолдошум экөөбүз үчүн чоң бакыт», - деди Айнура жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1695
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу