Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Айыл турмушу: Көк-Таш айылында «Чек арачы аял» аткан конгон Разия апа бир нече жолу жаракат алган (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Разия Өсөрованы айылдаштары «Чек арачы аял» деп аташат. Аймактык кабарчы Разия апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында 40 жылдан бери жашайт. Азыр Көк-Таш айылынын башчысы. Кесиби боюнча агроном.

«2000-жылдан тарта Көк-Таш айылынын башчысы болуп иштеп келем. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды токтотууга аракет кылып, 2 элди ынтымакка чакырып, өз жерим коргоп келем. Мени айыл башчысы кылып эл өзү шайлап алган. Аял болгонума карабай ар дайым кыргыз-тажик чыр-чатактарын басууга аракет кылып келем. Көпчүлүк аялзатын назик гүл катары элестетет. Бирок, мен аял болуп жаралганыма эч кейибейм. Өз жерин аял-эркектигине карабай коргош керек. Мен да өз жеримди өмүрүмдүн аягына чейин коргогонго укугум бар», - деди ал.

Разия апа буга катар эле чек ара чырларында 2 жолу катуу жаракат алганын кошумчалады.

«Чек арадагы чыр учурунда 2 жолу катуу жаракат алып, ооруканага жатып калган учурларым болгон. 2014-жылы болгон чырда мага мылтык такашкан. Бул сөздөрдү арызданып айткым келбейт. Чырларга катышуу мен үчүн сыймык эмес. Болгону өз жерибизди өзүбүз коргошубуз керек. Коңшу өлкөлөр менен ынтымакта болушубуз керек. Чек арадагы айылдардан көчүп кетпей, ал жерде түбөлүк жашап калуу керек. Жерибизди келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү биздин милдет», - деди «Чек арачы аял».

Каарманыбыз 8 баланын энеси. Бир нече медаль, сыйлыктар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4819
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу