При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Айыл турмушу: Кара-көлдүк М.Көчөрова жиптен түрдүү кийимдерди түйүүнүн сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 30 жаштагы тургуну Мунара Көчөрова жиптен кийимдин түрүн түйүп, кыздарга түймө боюнча сабак өтөт. М.Көчөрованын айтымында, түймөнү ал бала чагында эле үйрөнгөн.

«Мен кичинекей кезде апам дагы түрдүү кийимдерди түйчү. Анын эмгектерин көрүп, мен дагы үйрөндүм. Бул боюнча атайын курстан билим албасам дагы интернеттен ыкмаларын, түрдүү чиймелерин көрүп, жаңы үлгүлөрүн өздөштүрдүм», - деди ал.

М.Көчөрова белгилегендей, ал үйдө балдар менен декреттик өргүүдө болгондуктан, көпчүлүк бош убактысында түймө менен алектенет.

«Үйгө эки окуучу кыз келип, үйрөнүп турушат. Алар бош убактыларына жараша бир жумада 3 жолу келишет. Айына 500 сомдон төлөшөт. Кийим түйүүгө көбүнчө жиптин акрил түрү ыңгайлуу, баасы да кымбат эмес. Негизи жиптин көп түрү бар. Маселен, «меринос» породасындагы койдун жүнүнөн жасалган меринос жиби, пахтадан жана эчкинин жүнүнөн жасалган мохер жиби да бар. Кол өнөрчү адамдын өз фантазиясына жараша түрдүү кийимдерди түйсө болот. Буйрутма берүүчүлөр да жиптин түрүн тандашат. Себеби, кээ биринин кайсы бир жипке аллергиясы болушу мүмкүн», - дейт ал.

Ал азырынча бул өнөр аркылуу акча табууга кызыкдар эмес.

«Бул иш аркылуу чоң акча табууну максат кылган эмесмин. Бирок, тааныштарга, туугандарга белек катары түйүп берген баш кийим, жоолук, байпак өңдүү кийимдерди башкалар көрүп, буюрутма беришет. Учурда чоң адамдарга 500 сомдон, кичинекей кыздарга 300 сомдон баш кийим түйүп жатам. Мындан түшкөн пайда жип сатып алууга жумшалат», - деди ал.

М.Көчөрова кесиби боюнча юрист. Буга чейин мамлекеттик мекемеде өз кесиби боюнча иштеп келген. 2005-жылы Ош юридикалык академиясына тапшырып, 2012-жылы сырттан окуп бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
12:50, 16 февраля 2017
Кыргызча жазганды үйрѳнсѳңѳр. “сыры менен бөлүштү” дебейт, “сырын бөлүштү” дейт.
Көп окулду
×