Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Чаткалда 2 метр кар жааганда жабылган мектептер менен бала бакчалар ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Чаткал районунун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаалга байланыштуу жабылган билим берүү мекемелери иштеп баштады. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдады.

Маалыматка караганда, убактылуу жабылган 13 мектеп менен 8 бала бакча бүгүн, 16-февралда толугу менен ачылды. Кечээ бала бакчалар менен мектептердин имараттарынын чатырлары кардан тазаланды. Райондун акими К.Эшалиев кечээ, 15-февралда эки айыл өкмөткө өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдарда акыркы күндөрү тынбай жаап жаткан кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетти.

Ошондой эле, 14-февралда Чаткал районунда кытайлар иштетип жаткан «Кичи Чаарат» ЖАКтын базасы жайгашкан жерде кар көчкү жүргөн.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, кар көчкү жумушчулар үчүн жеңил конструкцияда курулган жатакана менен ашкананы басып калган.

«Окуя күндүз болгондуктан жабыркагандар болгон эмес. Кытай ашпозчусу бир аз жабыркап, ооруканага түшкөн, анын абалы жакшы. Кокустан окуя түнү болгондо 60тай адам кар алдында калмак», - дешет тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 331
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×