Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

ӨКМ авиакырсыктан жабыркагандарга ачкан эсепке 88,6 млн сом чогулду

Turmush -  ӨКМ авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачкан атайын эсепке кечээ, 15-февралга карата 88 млн 671 миң 519 сом которулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда акчалай жардамдарды кабыл алуучу эсеп ачык. Ал эми, гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу пункттар 1-февралда жабылган. Азырынча жардамдарды бөлүштүрүү тууралуу маалымат таратыла элек.

Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 16-январда саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланды. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болгон. Көз жумгандардын арасында 4 ай мурун төрөлгөн наристе жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүт үй-бүлөсүн жоготту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 221
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×