Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматына бир гана талапкер көрсөтүлдү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматына Акылбек Саралаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, шайлоо эртең, 16-февралда өтөт. Талапкерди шаардык кеңештин КСДП фракциясы көрсөттү. Ал Ооган согушунун Ысык-Көл райондук ардагерлеринин төрагасы.

Буга чейин маалымдалгандай, 31-январда шаардын мэрин шайлоо өткөрүлгөн. Бул кызматка азыркы мэр Бакиров Болот Саяковичтин гана талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 21 депутаттын тогузу Бакировду колдоого алса, 12 депутат каршы болгон. Мындай жол менен талапкер тиешелүү добуш топтой алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 894
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×