При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 21-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Ош шаарында 23 млн сомдук жаңы көпүрөнүн курулушу башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-февралда Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Капсула салуу иш-чарасына шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы аксакалдар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты, деп билдирди кабарчы.

Шаарда үчүнчү болуп курулуп жаткан көпүрө Навои көчөсүнө курулган эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражат менен каржыланат.

«Өткөн жылы Курманжан датка менен Достукту бириктирген 2-көпүрөнүн ачылышында дагы бир көпүрө курула турганын айткан элек. Бүгүн 3-көпүрөнүн курулушун баштап отурабыз. Көпүрөнүн жалпы узундугу 48 метр, туурасы 15 метр болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки четине жол салынат. Түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар менен камсыздалып, ушул жылдын май айында пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 23 млн сомду түзөт.

Ошондой эле, быйыл шаардагы Токтогул паркы толугу менен реконструкцияланып, шаардыктардын эс алуусуна жакшы шарттар түзүлөт», - деди А.Кадырбаев.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов сапаттуулукка кепилдик берди.

«Бул көпүрөнүн долбоору 3 айда иштелип чыкты. Сапатына кепилдик беребиз. Азыр эң күчтүү бетондор орнотулуп жатат», - деди А.Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2083
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:29,   19.07.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×