При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.94    75.99    1.21    KZT 0.22

Баткенде килкилдек кантип жасалат?

Turmush -  Баткен шаарынын 40 жаштагы тургуну Дамира Акматова малдын башынан, шыйрагынан, этинен килкилдек (холодец) даярдоонун жолдорун айтып берди.

Анын айтымында, килкилдек жасоо үчүн этти бирдей температурада кайнатуу керек.

«Килкилдек даярдоодо алгач союлган малдын башы менен шыйрактарын тазалап алуу керек. Бул этап өтө татаал жана тазалыкты талап кылат. Тазаланган малдын башын, шыйрактарын, өпкөсүн, ичеги-карындарын казандагы сууга салып, бирдей температурада кайната баштайбыз. Өтө күчтүү отко кайнатууга болбойт. Анткени казандагы эт катуу болуп, килкилдек даамына чыкпай калат. Бирдей температурада кайнатып бышырып алган малдын башын, шыйрагын сөөктөрдөн ажыратып, этти майда туурап, ошол эле казанда калган суу менен кайнатабыз. Кайнап жаткан сууга ар кандай даам берүүчү татымалдарды кошобуз. Бирок, өтө көп убакытка кайнатпайбыз. Андан соң килкилдекти атайын идиштерге куябыз. Килкилдек куюлган идиштерди муздак жерге коюп, катыганга чейин күтүп турабыз. Катыган соң килкилдек даяр болот.

Килкилдек жасоодо бодо малдын шыйрагын пайдаланса жакшы болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1068
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×