При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: 28 жаштагы Мирбек Ак-Талаага айнек бөтөлкөлөрдөн мончо курду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын 28 жаштагы тургуну Мирбек Нурабаев айнек бөтөлкөлөрдөн мончо курду. Учурда айыл тургундары үчүн мончо жагып, күнүнө 2 миң сомго чукул киреше табууда. Жаш ишкердин иши менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Мирбек бөтөлкөлөрдөн курулган мончо ысык болоорун уккан. Андан улам айылга мончо курууну пландаган. Узундугу 8 метр, туурасы 5 метр, бийиктиги 2 метр болгон 8 бөлмөлүү мончону курууга жалпы 13 миң 500 даана бөтөлкө колдонгон.

«Бул мончону курууга 2 жыл убакыт кетти десем болот. Талаада жаткан бөтөлкөлөрдү чогултуп жүрүп салдым. Бөтөлкөлөрдүн ичи бош, аларды бетон менен кынап чыктым. Мончодо аялдар жана эркектер үчүн эки башка бөлмөлөр бар. Мончо бир жумада 4 күн: дүйшөмбү, жума, ишемби жана шекшемби күндөрү үзгүлтүксүз иштейт. Башка күндөрү буюрутма болуп калса жагам.

Эртең менен саат 8:00дө жаксам, түнкү саат 01:00гө чейин 100 килограмм көмүр жагылат. Бул мончо ысыкты жакшы кармап турат», - деди Мирбек.

Мончого келген 7 жашка чейинки балдардан акы алынбайт. Окуучулардан 30 сомдон, чоң кишилерден 70 сомдон алынат.

Ошондой эле, М.Нурабаев айылда 4 жыл мурун бильярд залын ачып, айылдыктар арасында 2 жолу мелдеш өткөрдү. Элеттик ишкер үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылынын тургуну Кубан Жунусов дагы мындан 6 жыл мурда 4250 даана бөтөлкө менен мончо курган. Анын курулушуна цемент, топурак, кум колдонулган. Мончо 2010-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×