Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

«Жеңеке» Казак кызы Д.Аманкулова ата-энесинин каршылыгына карабай Таласка келин болуп келген (фото)

Turmush -  Казак кызы Дина Аманкулова ата-энесинин каршылыгына карабай Талас облусунун Бакыян айылына келин болуп келген. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1968-жылы Жамбыл облусунда өскөн. 1989-жылы таластык жолдошу Абдыкул Токтогуловго турмушка чыккан. Жолдошу менен жогорку окуу жайда окуп жүрүп таанышышкан. Ата-энесинин каршылыгына карабай Бакыянга келип болуп келген.

«Татыктуу жашоо үчүн адамдардын улуту эч кандай роль ойнобойт. Бири-бирин түшүнүү сезимдери менен турмуштун пайдубалын түптөөгө болот. Мисалы, мен көп бир туугандуу чоң үй-бүлөгө туш болгонума карабай алардын айткандарына көнүп, баарына бирдей мамиле жасап, кайнатамды ата кылып, кайненемди эне кылып, кыргыз салттарына бат эле көнүп кеттим. Кыргыз жигитине турмушка чыкканыма эч кандай өкүнүчүм жок», - деди ал.

Дина жеңе буга катар эле бара-бара каршылык көрсөткөн туугандары да анын тандоосун түшүнүү менен кабыл алышканын кошумчалады.

«Мага каршылык көрсөткөн туугандарым да түшүнүп, мамилебиз жакындай баштады. Учурда эки жактын тең туугандары менен жакшы мамиледебиз», - деди казак жеңе.

Каарманыбыз жолдошу экөө тең айылдагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектепте орус тил адабиятынан мугалим болуп иштешет. 2012-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алышкан. Мугалим жубайлар учурда 5 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×