Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.02.2017 10:08

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк 28 жаштагы Асел жолдошунун каршылыгына карабай милиция кызматкери болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын 28 жаштагы тургуну Асель Жакшылыкова жолдошунун каршылыгына карабастан милиция кызматында иштейт.

А.Жакшылыкова айылдагы мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы ИИМдин академиясында билим алган. Аны ийгиликтүү аяктап, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө эмгек жолун баштаган.

Асель бала чакта атасы К.Жакшылыков менен сыймыктанып, милициянын формасын кийип иштөөнү кыялданчу. Кыздар үчүн оор кесип болсо да ата жолун жолдоону максат кылган. Милициянын ардагери Кылычбек Жакшылыков ардактуу эс алууга чыккан.

Асель жолдошунун каршылыгына карабастан өз кесибинен баш тарткан эмес. Жолдошу Кенжебек Белеков да келинчегинин кесипкөй адис экенин баамдап, эмгектенүүгө шарт түзгөн. Учурда А.Жакшылыкова РИИБде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы болуп эмгектенүүдө. Ал жумушта тажрыйбалуу адис болсо, үйдө мээримдүү эне жана сүйүктүү жар.

Бөлүм башчынын айтымында, 2016-жылы 107 өспүрүм каттоого алынып, өспүрүмдөр катышкан 15 факты катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×