Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Жеңеке»: Жети-өгүздүк Д.Алымкожоева милиционер жолдошу үчүн ЖОЖдогу жумушун таштаган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Дилбар Алымкожоева. Ал кесиби боюнча мугалим.

Turmush басылмасынын кабарчысы Д.Алымкожоева менен таанышып келди. Ал Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде алдыңкы мугалимдердин катарында иштеп жүрүп, болочоктогу жолдошу менен таанышкан. Үй-бүлө кургандан кийин жолдошунун жумушуна байланыштуу өзүнүн жакшы көргөн кесибин таштоого туура келген.

Д.Алымкожоева жолдошу Жыргалбек Бекбоев менен 12 жылдан бери бирге түтүн булатып, 4 балалуу болушту.

«Мен ишимди таштап, жолдошум экөөбүз айылга көчүп келдик. Жыргалбек 13 жылдан бери Жети-Өгүз РИИБде иштейт. Мен анын ишин баалап, балдарды тарбиялоо иштери менен үйдө отурууну чечтим. Жыргалбек күндүр-түндүр, майрам күндөрү дагы иштөөнү талап кылган ары татаал жана жооптуу кызматты аркалайт. Ар күнү ишке узатып, амандыгын тилейм. Милиция кызматкеринин жубайы болуу чыдамдуу жана сабырдуу болууну талап кылат. Себеби, айрым учурда үй-бүлөгө да көңүл бөлүүгө убактысы жетпей, өмүрүн тобокелге салып, ишине жан үрөйт», - деди ал.

Жубайлар учурда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында батирде жашайт. Жолдошу Ж.Бекбоев Жети-Өгүз РИИБдин Барскоон аймактык ыйгарымдуу өкүлү болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1011
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×