Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

«Жеңеке»: Сокулукка келин болгон А.Сагимбаева чоң кайын энеси менен болгон кызыктуу окуяларды айтып берди (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 29 жаштагы Аделя Сагимбаева.

Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында 1988-жылдын 23-сентябрында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №69 гимназияда билим алган. 2010-жылы Кыргыз экономикалык университетинен бухгалтерлик кесипти алып чыккан.

«Турмуш курганыма 1,5 жыл болду. Жолдошум экөөбүз бир айдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Адатта жигиттерди оңой менен жактыра бербеген жаным, жолдошумдун адамдык сапатын, кичи пейилин, майдачыл эместигинен улам жактырып калдым. Ошентип экөөбүз баш коштук. Ал Шопоков шаарынын тургуну болот.

Мурда кайын эне менен келиндин ортосундагы татаал мамилелерди көп эле угуп, өзүмдүн да кайын энем кандай киши болот болду экен деп ойлонуп койчумун. Бирок, мен кайын энемди аябай жакшы көрөм жана сыйлайм. Апам мен үчүн эң акылдуу, эмгекчил, кечиримдүү жана сулуу. Биз биринчи таанышкан күндөн бери эле мамилебиз жакшы, алтургай өз кызындай көрөт. Кээде аябай эле эркелеп коем. Кичине ооруп калсам мени жаткырып коюп, жумуштун баарын өзү жасап кирет. Мен андай учурда аябай ыңгайсыз болом. Ичимен мен да келиндериме ушундай мамиле кылам деп ойлойм. Менин да келиндерим тарбиялуу, ыймандуу болсо экен деп тилейм», - деди ал.

Аделя чоң кайын энеси менен болгон кызыктуу окуялар тууралуу айтып берди.

«Жаңы келин болуп барганда күйөөм экөөбүздү кайын энем чоң кайын энемдин айылдагы үйүнө жиберди. Чоң кайын энемди да аябай жакшы көрчүмүн. Ал өткөн жылдын август айында бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ал бир жолу «мага казанга нан бышырып бер» деп калды. Бышырган нанымдын тузу өтө эле өтүп, ачуу болуп калыптыр. Аны жей алган жок. Ысык нан менен чай ичем деп күтүп отурган эле. Уялганымдан эки бетим кызарып кетти. Ошол маалда куймак да жасап жаткам. Каймак ал күнү окшошпой калды. Абдан толкундангандыктанбы, айтор жасаган тамактарым окшошпой калды. Акыры «нанды казанга мындай бышырат» деп чоң кайын энем мага нан бышырганды үйрөткөн. Бардык кыз-келиндерге меникиндей түшүнүктүү кайын энелүү болушун каалайт элем. Мен жакшы эне, үлгүлүү жубай жана ыймандуу келин болгум келет.

Келечекте балдар үйүн ачып, балдарга жардам берүү максатым бар. Кароосуз калган балдар мени көп ойлондурат», - деди Аделя Сагимбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу