Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 07.02.2017 09:02 На русском

Айыл турмушу: Таластык уста Э.Береналиев 7 жылдан бери унааларды «дарылап» келет (фото)

Turmush -  Таластык 37 жаштагы Эрлан Береналиев 7 жылдан бери автоунааларды оңдоочу жай ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Кашат айылында туулган.

«Окуучулук кезимде эле устачылыкты үйрөнүп, окууну бүткөн соң айылда устачылык кылып жүрдүм. Кийин Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Улан Жээналиевдин колунда иштеп, автоунаа техника оңдоону үйрөндүм. 2010-жылдан баштап Талас шаарына жеке автоунаа оңдоочу жай ачып иштетип жатам. Бул устаканада унаанын баардык түрүн оңдоп жасайбыз. Учурда 2 балага техника оңдоону үйрөтүп жатам. Келечекте оңдоочу жайды чоңойтуп, жигиттер үчүн көп жумуш орундарын түзсөм дейм», - деди ал.

Уста жубайы Гүлнара Жумашалиева экөө 4 уул, 1 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×