Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

«Жеңеке»: Айткүл жеңе ооруканадан качып чыгып, жолдошу менен сүйүү майрамын белгилеген (фото, маек)

Turmush -  Баткен районунун Рават айылына келин болуп барган 22 жаштагы Айткүл Алимжанованы жолдошу 10 күн бою жолун тосуп, гүл сунуп жүрүп көңүлүн алган. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аны жолдошу менен мектептеги класс жетекчиси тааныштырган.

«Мен мектепте 9-класска чейин окуп, Бишкек шаарына ата-энемдин жанына баргам. Шаарда окуп, иштеп жүрдүм. Арадан 1 жыл өткөндөн соң мага мектептеги класс жетекчим Дилбар эжекем байланышка чыгып, «мен жакшы билген тууганым бар, таанышып сүйлөшүп көрбөйсүңбү» деп айтты. Ал эжекемдин сөзүн эки кыла албай, «макул жолугуп көрөйүн» деп айткам. Ошентип эжекем менен кошо жолдошум менен жолугуп, сүйлөшүп отуруп мени үйүмө жеткирип коюшкан. Жолдошум жолугушкан күнү эле түнкү саат 12:00 чамасында жуучу жибериптир. Бирок апам мени жаш деп, окуумду ойлоп, макулдугун бербей жуучуларды жөнөткөн. Анын эртеси күнү эле үйүбүздүн жанынан ала качып кетишкен. Апам кыз кууду кылып артымдан барганда алдыга койгон пландарымды ойлоп, турмуштан баш тартып апамды ээрчип кеткем», - деди ал.

Бирок келечектеги жолдошу көздөгөнүнөн кайтпай, жолун тосуп жүрүп көңүлүн алууну адатка айландырган.

«Ошол күндөн тартып жолдошум жолумдан чыкмай адат таап алды. Окууда да, жумушта да артымдан, алдымдан чыгып, гүлүн сунуп жүргөн. Алгач ал берген гүлдөрдү кабыл албай жүргөм. 3 күндөн кийин сунулган гүлдөрдү кабыл ала баштадым. Ошентип 10 күн көлөкөмдөй болуп жүрдү. Бара-бара мен да ага ашык болуп, ар бир жолугушканыбызда жактыргандай сезимдер пайда болду.

Бир күнү ал мага билдирбестен биздин үйгө апасын жөнөтүптүр. Кайын энем, «кызыңардын колун сурап келдик, балам экөө сүйлөшүп жүрөт» деп айтыптыр. Апам мага байланышып, жообумду сураганда макулдугумду айткам. Кийин жолдошум мага алтын сөйкө, чынжырча, чоң гүл алып келип сүйүнүчүн билдирген. Ошентип 1 айдан кийин элге той бергенбиз», - деди Айткүл жеңе.

- Тойдун эртеси кандай күндөр өттү?

- Кызыктуу, сонун күндөр өткөн. Турмушка чыкканымдан кийин 1 айдан соң сарык оорусу менен ооруп, ооруканага жатып калгам. Ал жерде 1,5 айдай жаткандан кийин 14-февраль күнү күйөөм бүгүн майрам деп ооруканага келип, экөөбүз бир да дарыгерге кайрылбай ооруканадан качып кеткенбиз. Андан чыгып аяштар менен майрамдап, түнү үйгө барганыбызда, кайын энем «ой тобоо, кызым, сен дарыланышың керек да» деп кейиген эле. Эртеси кайын энем ооруканага барса дарыгерлер, «балаңыз келе берип тажатты, келиниңиз үйдөн эле дарылансын» деп айтышыптыр.

- Кайын журтуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

- Кайын энем, кайын сиңдим жана кайын иним, жолдошум абдан жакшы адамдар. Мага көп жумушту: камыр жайганды, нан жапканды, тамак бышырганды кайын энем үйрөттү. Жаңы келин болгонумда мантынын камырын жаям деп жая албай, катуу кылып салганым эсимден кетпейт. Ошондо кайын энем унчукпай үйрөткөн. Жолдошум экөөбүз 5 жыл алар менен чогуу жашадык. Өткөн жылы өзүбүзчө үй куруп бөлүнүп чыктык.

- Канча баланын апасы болдуңуз?

- 1 уул, 1 кыздын сүйүктүү апасымын.

Айткүл жеңе учурда жолдошу Куттубек Хамдамов жана уул-кыздары менен Бишкек шаарында турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу