При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-апрель

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк ири бизнестердин мураскорлору кимдер?

Turmush -  Кыргызстандагы ири бренддердин көбү үй-бүлөлүк бизнес катары таанымал. Алардын мураскорлору кимдер? Бул суроого Limon.KG жооп издеген.

Улугбек Салымбеков«Дордой» ассоциациясынын финансы жана тышкы байланыш боюнча вице-президенти. «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун уулу.

У.Салымбеков
Эльвира Сурабалдиева — «Кудайберген» унаа базарынын башкы директору, КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы.

Э.Сурабалдиева

Темирланбек Султанов — «Авангард стиль» курулуш компаниясынын президенти. Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Калыкбек Султановдун уулу.

Т.Султанов

Чыңгыз Алканов — «Алканов базары» ЖАКтын вице-президенти. «Алканов жана компания» ЖАКтын президенти Райкан Алкановдун уулу.

Ч.Алканов

Даниярбек Иманалиев«Имарат Строй» ЖАКтын аткаруучу директору. «Имарат Строй» ЖАКтын башкы директору Бейшенбек Иманалиевдин уулу.

Д.Иманалиев

Адилет Боотаев — «Мобильник» ЖАКтын аткаруучу директору. «Каликова&Ассошиэйтс» юридикалык фирмасынын өнөктөш түзүүчүсү Гүлнара Каликованын уулу.

А.Боотаев
Нурбек Алмакүчүков — Park Hotel Bishkek отелинин башкы менеджери. Мамлекеттик туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин мурунку төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүковдун уулу.

Н.Алмакучуков
Мурат Үсөнов — «Эридан» финансылык-өндүрүштүк корпорациясы. Негизги ишмердүүлүгү — кыймылсыз мүлк, ресторан бизнеси. Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу.

м.Усенов

Дильшат Бажанов — «Риха» ЖААКтын аткаруучу директору. Бизнесмен Рахманкул Бажановдун уулу.

Д.Бажанов
Шабдан Эгембердиев — «Кара-Булак» эко-резорт комплексинин түзүүчүсү, «Шоро» ЖАКтын башкы директорунун орун басары. «Шоро» ЖАКтын башкы директору, «Кара-Булак» эко-резорт комплексинин түзүүчүсү Жумадил Эгембердиевдин уулу.

Ш.Эгембердиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3064
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×