Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу 04.02.2017 15:46 На русском

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ж.Жоробеков кызматынан алынды

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков кызматынан бошотулду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, мындай чечим ИИМде кечээ, 3-февралда өткөн коллегиялык жыйындын жыйынтыгы менен кабыл алынды. Кечээки коллегияга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

ИИМдин маалыматы боюнча, коллегиянын чечими менен ИИМдин борбордук аппаратынан, облустук, райондук жана шаардык башкармалыктарындагы 30га жакын жетекчиге дисциплинардык жаза берилди. Ошондой эле, ыкчам чара көрүү кызматындагы кемчиликтер үчүн ИИМдин башкы башкармалыгы менен башкармалыктарындагы бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду.

Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп 2013-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин Тогуз-Торо РИИБдин башчысы болуп эмгектенген.

ЖЖ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×