Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

«Жеңеке»: Нургүл жеңе мотоцикл менен суу ташып, айылда «Супер келин» атка конгон (фото, маек)

Turmush -  Баткен районундагы Чоң-Кара айылына келин болгон 29 жаштагы Нургүл Жапарова жаңы келин болуп барганда мотоцикл айдап суу ташыган. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Закир Шамшидинов менен 2008-жылы 4 ай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, экинчи жолу жолугушканда ала качып кеткен.

«Мен өзүм Кызыл-Бел айылынан болом. Күйөөм менен таанышкан куракта Баткен шаарында студент элем. Жолдошум болсо Бишкек шаарында иштеп жүргөн. Ал мага адашып чалып калып таанышып, кийин жакын адамдардай телефондо күнү-түнү сүйлөшүп калганбыз.

Бир күнү ал «Бишкектен келдим жолукпайлыбы» деп чалып калды. Жолугуп, бир азга шаар аралап жүрүп, ал өз айылына кеткен. Анын эртеси шаарга Ильяз Абдыразаков концерт коюп келип, анын концертине киребиз деп пландаштырганбыз. Ошентип мен концертке барабыз деген ойдо үйдөн чыккам. Ал да мени күтүп туруптур. Бирок, мен ойлогон нерсе болбой эле ал достору менен мени унаага салып, ала качып кеткен», - деди ал.

Анын артынан келген ата-энеси өзүнүн макулдугу менен келин кылып таштап кетишкен.

- Жаңы келин болуп барганда кызыктуу окуялар болдубу?

- Биздин тил менен кайындарымдын тилинде айырмачылыктар бар. Биздеги чайдөштү (очокко коюп кайнатуучу чайнек) алар «лапак» деп аташат экен. Кайненем «лапакты очокко коюп койчу» деп айтканда түшүнбөй, көпкө издеп жүргөнүм эстен кетпейт. Үйгө келин көрүп келген коноктордун алдында чайдөштүн көөсүн жаңы кийген халатыма капкара кылып сүртүп алып жүрө бериптирмин. Аны байкаган кайын атам мага айта албай, кайненем аркылуу айттырган.

- Эң алгачкы жасаган тамагыңыз кайсы? Нан жапканды билчү белеңиз?

- Эң алгач 4 кг аш демдегем. Ал тамагым аябай даамдуу болуп, мактоолорду уккам. Бирок, нан бышырганды билбейт болчумун. Алгач кайын энем жаап жүргөн. Бара-бара өзүм эптеп үйрөнүп кеттим.

- Баткенде кайын сиңди, кайнилерин тергешет. Сиз андан кыйналган жоксузбу?

- Ооба, башында аттарын айтып уят болуп жүргөм. Кайын атамдын аты Баатыр. Бир күнү кайын атамдын атын унутуп калып, «азыр 5 балалуулар баатыр эне болуп жатыптыр» деп айтып алып, көпкө уят болуп жүргөм. Ал эми кайнилеримди Ботя, Ботончик, деп атап койгом. Кайын сиңдимди Пепе деп атап коем.

- Эстен кеткис кандай учур болду эле?

- Менде күлкүлүү, эстен кеткис учурлар көп болгон. Үйдө жолдошум мотоцикл айдачу. Бир күнү үйдө суу түгөнүп калгандыктан челек менен ташыгандан ээринип, үйдөгү бардык чоң идиштерди мотоциклге артып алып, сууга жөнөдүм. Сууга жакындап калганда мотоциклди башкара албай жол четиндеги арыкка түшүп кетип, элге күлкү болгом. Аны уккан жолдошум дароо жетип барып, өзү суу алып, мотоциклди айдап келген.

- Кайын журтуңуз тууралуу айтсаңыз?

- Кайненем, кайын атам абдан жакшы кишилер. Үйдө 2 кайын сиңдим, 3 кайним бар. Мен жаңы келгенимде да өз кызындай кабыл алышып, көп нерселерди үйрөтүшкөн. Кайненем менен кайын атам ушул күнгө чейин жалаң гана жакшы кеңештерин берип келет.

- Айылда сизди «Супер келинчек» деп аташат экен. Эмнеге антип аташат?

- Бир жолу айылдагы майрамда келиндер ар кандай программалар менен жарышканбыз. Андан мен жеңүүчү деп табылгам. Ошондон кийин айылдагылар мени «Супер келин» деп атап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×