Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бүткүл дүйнөлүк хиджаб күнү: Кыргызстандык мусулман кыз-келиндер дүйнөнү багындырууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-февраль — Бүткүл дүйнөлүк хиджаб күнү. Нью-Йорк шаарынын жашоочусу Назмы Хан диний толеранттуулукту бекемдөө максатында Бүткүл дүйнөлүк хиджаб күнүн белгилөөнү ойлоп тапкан. Бул күндүн алкагында атайын акция уюштуруп, хиджаб кийбей жүргөн мусулман жана мусулман эмес эже-сиңдилерди бир күнгө хиджаб кийүүгө чакырган. Ал мындай акция ар кандай туура эмес пикирлерди токтотуунун эң жакшы ыкмасы деп билдирген.

Бул күндү утурлай айымдардын Ademi журналы жарыялаган дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргызстандык мусулман кыз-келиндердин ийгиликтери тууралуу маалымат менен тааныштырабыз.

Гүлжамал Садыкова — АКШнын Чикаго шаарында кайрымдуулук долбоордун негиздөөчүсү жана ишкер

Гүлжамал Садыкова

Г.Садыкова Америкада 4 жылдан бери жашайт. Бул убакыттын ичинде ал өзүнүн ишкерчилик жана уюштуруучулук таланттарын өркүндөткөн. Бир нече жерде иштөө менен бирге билим алууну дагы унутпайт. Ал L&J Scarves брендинин негиздөөчүсү, бул дүкөндөн исламдын принциптерин кармануу менен бирге Американын маданиятына туура келе турган кийимдерди аялдарга сунуштайт. Дүкөндө жоолуктарды, шарфтарды тандап берүү кызматы көрсөтүлөт.

Гүлжамал 2

Бижутерияларды сатуу боюнча Nicetrading компаниясында ал сатуучулуктун ыкмаларын үйрөнүп, тейлөө кызматын жакшыртуу үстүндө иштейт. Гүлжамал мындан тышкары дизайнерлик курстардан билим алган жана Egg & Chrome компаниясында тажрыйбасын өркүндөткөн. Учурда ал 50 адамга ылайыктуу майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана залды жасалгалоого жардам берет.

Шахризада Аданова — Россиянын Москва шаарында «Айым» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси

Шахризада Аданова

Кыргызстанда жүргөндө ал аялдарга өзүн өзү өнүктүрүү боюнча сабактар өтүлгөн жана алардын көйгөйлүү маселелери каралган айымдардын клубун түзүүнү ойлоп жүргөн. Москвага келгенден кийин ал өзүнүн идеясын ишке ашырууга аракет кылып баштаган. Өткөн жылдын апрель айында 4-5 кыргызстандык аял биригип, «Айым» коомдук уюмун түзүшкөн.

Мында алар жолугушууларды уюштуруп, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп турушат. Өзүн өзү өнүктүрүү боюнча семинарларды өткөрүшөт. Аял мигранттарга жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле, миграция маселесине тийиштүү мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Учурда аталган бирикменин 50дөн ашык мүчөсү бар. Ошондой эле, алар рак менен ооруган балдарга жардам берүү боюнча акция уюштурушкан. «Айым» бирикмесинин иши кыска убакыттын ичинде бааланып, Москвадагы аксакалдар кеңешинин Ардак грамотасына татыган.

Жазгүл Келгенбаева - нанотехнология тармагындагы окумуштуу, философия илимдеринин доктору, Япониядагы Кумамото университетинин бүтүрүүчүсү

Жазгүл

Акыркы 4 жылдан бери Жазгүл Келгенбаева Кумамото шаарчасында жашайт. Ал нанотехнология боюнча изилдөөчү ишин жыйынтыктап, философия илимдеринин доктору даражасына ээ болгон. Өткөн жылы ал Түштүк Африка Республикасындагы Кейптаун шаарындагы дүйнөлүк Нано конференциясына катышкан. Кыргызстандык жаран «Сольвотермикалык синтез аркылуу биметалл нанобөлүкчөлөр» темасы боюнча баяндама окуган.

Жазгүлдүн айтымында, наноматериалдардын биметаллы медицинада көбүнчө онкологияда жана техника, электроникаларда колдонулат. «Мындай нанобөлүкчөлөрдү косметологияда дагы колдонсо болот. Алар косметикалык каражаттардагы бактериялардын деңгээлин азайтат», - дейт Жазгүл Келгенбаева.

Ал белгилегендей, конференция аяктагандан кийин бир нече катышуучулардан нанобөлүкчөлөрдү изилдөө тармагында бирге иштешүү сунуштары түшкөн. Учурда ал жаңы долбоорлордун үстүндө иштөөдө.

Гүлмира жана Элмира Исмановалар — Россиядагы Ismanova Fashion брендинин негиздөөчүлөрү

Гүлмира и Элмира

Жаш дизайнерлердин ата-энелери Россияга 1995-жылы көчүп барышкан. Алар ошол жерде чоңоюп, мектепке барып, андан соң университеттен билим алышкан.

Бул убакыттын ичинде Элмира жана Гүлмира Исмановалар дизайн жана мода тармагында өздөрүн тааныта алышты. Алгач алар Instagramда аккаунт ачып, кийимдердин сүрөттөрүн киргизишкен. Элмира базарда сатылган кийимдерден айырмаланган өзгөчө көйнөктөрдү тигүүнү көздөп, идеясын ишке ашырган. Анын стили жана образы тууралуу чет элдик интернет басылмалар да жазып чыгышкан. Бир жыл мурун эже-сиңди Ismanova Fashion бренди менен шарф жана ар кандай буюмдарды сата башташкан. Кийимдердин коллекциясы Россияда өткөн WandiBazaar жарманкесинде коюлган.

Алмагүл Жаилганова - Түркиядагы TRT World эл аралык телеканалынын продюсери

Алмагүл акыркы 2 жылдан бери Түркиядагы TRT World телеканалында иштеп, дүйнөлүк жаңылыктарды чагылдырат. Түркияга кеткенге чейин ал телеканалдын башкы кеңсеси жайгашкан Америкада жашачу. Ал эми Кыргызстанда коомдук телеканалда жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иштеген.

Дильдора Алиярова — Бириккен Араб Эмираттарындагы логистикалык компанияда дизайнер жана менеджер 

Дильдора

Дильдора мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай образдарды ойлоп таап, кийим тигип баштаган. Алардын тиккен кийимдерин жергиликтүү эстрада ырчылары кеңири пайдаланып келишкен. 2009-жылы Дубайга баргандан кийин өзүнүн ишин өркүндөткөн.

Дильдора 2

Бүгүнкү күндө ал бир нече интернет дүкөндөрдүн ээси жана саркеч кийимдердин дизайнын ойлоп табат. Ошондой эле, ал үй-бүлөлүк компаниянын менеджери болуп иштейт.

Резеда Сулейман — Россияда белгилүү болгон Rezeda Suleyman брендинин негиздөөчүсү

Резеда 2

Жаш дизайнер Бишкек шаарында төрөлгөн. Бүгүнкү күндө анын атындагы бренд чет өлкөлөрдө белгилүү. Ал өзүн мыкты дизайнер жана бизнес айым катары көрсөтө алды. «Мени Кыргызстан менен эмне байланыштырып турганын көпчүлүгү биле бербейт. Чындыгында көп нерсе байланыштырат. Улутум татар болгону менен Кыргызстанда төрөлгөм», - дейт ал.

резеда

Анын коллекциясындагы көйнөктөрдү Россиядагы белгилүү инсандар да кийишет. Жаш дизайнер кооздук жана тыкандыкка басым жасайт. Ал Россияда өткөн мусулмандардын кийимдеринин дизайнерлери арасындагы сынакта жеңүүчү аталган. Учурда анын Россияда жана Борбор Азияда жеке фирмалык дүкөндөрүнүн тармактары иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу