При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Алтын чайкоочулардын айылы Эмгекчилде 2 кабаттуу элиталык үйлөр көбөйүүдө (фото)

Turmush -  Нарын районундагы алтын чайкоочулардын айылы аталган Эмгекчилде акыркы жылдары 2 кабаттуу элиталык үйлөр көбөйүүдө. Бул айыл калкынын жашоо-турмушунун жакшырганынан кабар берет.

Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы Тилек Айдарбек уулунун айтымында, 2008-жылы айылда 50 жакыр үй-бүлө катталган. Ал эми, өткөн жылы 20 үй-бүлө жардамга муктаж болгон.

Учурда айылда 640 түтүн бар. Башка айылдардан айырмаланып бул айылдын жаштары борбор калаага же чет өлкөгө кетүүгө умтулушпайт. Айылда бош үй жок, батир издеген жаштар көп.

Айылдын элине 100дөн ашык мал сарай, 10 миң кой, 1400 кара мал жана 1250 жылкы таандык. 

Мурда айылдын жергиликтүү бюджетине Солтон-Сары алтын кенинен жылына 1,5 млн сом салык төлөнүп турса, акыркы эки жылдан бери Жогорку Кеңештин токтому менен акча каражаты райондук капчыкка түшө баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7468
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×