Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 30.01.2017 10:41 На русском

Өзгөндүк мугалим Э.Султанов кайрадан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болду

Turmush -  Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп үчүнчү ирет Эркин Султанов шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Курманжан Ибрагимова кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн башчылыгына 4 талапкер катталган.

«Биздин айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Айыл өкмөттүн башчылыгына Эркин Султанов, Өмүрбек Оморов, Бакыт Жоробеков жана Өзгөнбай Бобуров талапкерлигин койду. Бирок, Өзгөнбай Бобуровдун документтери туура эмес болуп калгандыктан шайлоого катышкан жок. Ал эми Жоробеков өз ыктыяры менен талапкерликтен баш тартты. Жыйынтыгында шайлоого 2 талапкер катышып, Султанов 14 добушка, ал эми Оморов 7 добушка ээ болду», - деди К.Ибрагимова.

Эркин Султанов кесиби боюнча юрист жана мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×