Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 24.01.2014 10:16

Жалал-Абадда «хизбутчулар» кармалды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБ тарабынан 2013-жылдын 12 ай ичинде диндик-экстремизмге байланышкан 43 факты аныкталды, аларга 31 кылмыш иши козголуп, 523 адам каттоого алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеяларын таркатуучу жалпы 971 буюмдар (китептер, баракчалар, дисктер, аудио-видео кассеталар, кол жазма дептерлер, мобилдик телефондор) далил зат катары алынды.

Ал эми, ушул жылдын январь айында Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнүн жана Аксы, Базар-Коргон РИИБнин милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында, «Хизбут-Тахрир» уюмуна байланышкан 4 факт аныкталып, 3 адам кармалды жана «Мухторат», «ОНГ», « Ислом Давлати», «Вой Халифамей» аталыштарындагы 7 даана китепчелер, 8 даана баракчалар, 1 даана флешка алынды.

Ушул жылдын 14-январында саат 15:30дар чамаларында аталган облустун Аксы районунун Мамай айылы аркылуу мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өткөн, Өзбекстандын Фергана облусунун Маргелан шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Ш.Улугбеков кармалып, көтөрүп жүргөн пакетинин ичинен 2 даана баракчалар табылды. Ошондой эле, 20-январь күнү Базар-Коргон районунун тургуну, 1980-жылы туулган Э.К. кармалып автоунаасынан жана үйүнөн 5 даана китеп, 6 даана баракча, 1 даана флешка алынды. 21-январь күнү Сузак районунун тургуну, 1962-жылы туулган Ж.Ш. дан 2 даана китепче алынды.

Жогорудагы кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Хизбут 

хизбут1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×