При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-апрель

Кореядагы кыргыздар жакшы тааныбаса да мекендештердин тоюна катышып, тамак-аштын акчасын төлөп кетишет, - тамада М.Жолдошов (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында өскөн Медер Жолдошов 2 жылдан бери чет өлкөдө жашайт. Учурда Түштүк Кореянын Пёнтек шаарындагы заводдо эмгектенип, таланты менен мекендештеринин жакшылыктарында кызмат көрсөтүп келет. 29 жаштагы Медер чет өлкөдөгү жумушу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Медер айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Ош шаарындагы жогорку окуу жайдан энергетик кесибине ээ болгон. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Ата-энеси учурда Ош шаарында жашайт. Ал бош убактысын ыр жазуу, ырдоо жана спорттук мелдештерге катышуу менен өткөрөт.

«Кореяда дагы Кыргызстандагыдай эле тойлор өтөт. Боорсок, беш бармак бышырып, кошумча кошуп, өкүл ата, өкүл апа шайлашат. 1 жыл ичинде 10го жакын тойдо алып баруучулук милдетти аткарам. Бул жактагы тойлорго чакыруу менен 50-100 адам катышат. Той ээси менен жакшы тааныш болбогон жердештерибиз дагы тойго катышып, жакшы каалоо-тилектерин айтып, өздөрүнүн столундагы тамак-аштын акчасын төлөп кетишет. Тойлордо көбүнчө кыргыз бийлер, кыргыз ырлар аткарылат. Ошондой эле, кыргыз эстрада жылдыздары келип концерт коюп кетишет», - деди М.Жолдошов.

Кореяда жашоо кымбат экенин айткан мекендешибиз заводдогу жумушунан сырткары чыгармачылык менен алектенүүнү улантууну максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7241
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×