При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Авиакырсыктан жабыркагандарга жардамдарды кабыл алуу 1-февралда токтотулат

Turmush -  Авиакырсыктын кесепетинен жабыркагандарга жардамдарды кабыл алуучу пункттар 1-февралга чейин иштейт. 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 27-январда авиакырсыктан жабыркагандар жайгаштырылган «Семетей» мейманканасында министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен өткөргөн көчмө кеңешмеде айтылды.

М.Абулгазиевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдиктүү эсебине келип түшкөн каражаттар ачык жана калыс бөлүштүрүлөт. Жардамдарды бөлүштүрүү процессине жабыркагандар өздөрү, аксакалдар, жаштар жана башка тараптар катышат.

Авиакырсыктан кийин өлкөнүн бардык аймактарында жардамдарды кабыл алуучу пункттар уюштурулуп, акчалай жардамдар, кийим-кече жана азык-түлүктөр чогултулуп жатат.

Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 16-январда саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланды. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болгон. Көз жумгандардын арасында 4 ай мурун төрөлгөн наристе жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүт үй-бүлөсүн жоготту.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8836
Комментарии
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.

Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу