Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ош

Фото - Ошто «Ак каркыра» бала бакчасындагы балдар кышында муздак сууга чайканышат (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы №61 «Ак каркыра» муниципалдык бала бакчасында ден соолукту чыңдоо үчүн балдар таза абада муздак суу менен жаба куюнуп, чыйрактыкка үйрөнүп келишет.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Алевтина Товмаш маалымдагандай, бала бакча 30 жылдан бери иштейт. Учурда жалпы 700 бала тарбияланып жатат. Ал эми муздак суу менен жаба куюнуу процедуралары балдарды сергек жашоого үндөө ыкмаларынын бири.

«Муздак суу менен жаба куюнган балдардын көбү сасык тумоо жана башка оорулар менен оорушпайт. Ошондой эле, биздин балдар кыш мезгилинде чөптөр жана дары-дармек каражаттардан жасалган фиточайларды колдонушат. Биз аларды жазында жана жайында чогултуп алабыз. Ал эми кээ бир дары чөптөрдү сатып алабыз. Бала бакчанын аймагында өскөн дары чөптөрдү, мисалы жалбыз, С витаминине бай ит мурунду балдар тарбиялануучулар менен барып чогултуп келишет. Ата-энелер биздин балдарды сергек жашоого үндөө жана алардын ден соолугун чыңдоо демилгебизди колдоп, жакшы кабыл алышат», - деди ал.

Ошондой эле, бала бакчада кышкы сейил багы бар. Анда тарбиялануучулар өсүмдүктөргө, гүлдөргө кам көрүп, экология менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Кышкы сейил багы - бул балдарын эң сүйүктүү жайы. Алар ушул жерде ойношот, сүрөт тартышат. Көпчүлүк убактысын ушул жайда өткөрүшөт. Балдар өсүмдүктөр чыгарган кислороддуу абадан дем алышат. Албетте, бул ден соолукка абдан пайдалуу. Балдар тарбиячылар менен бирге өсүмдүктөргө кам көрүп, аларга суу куюшат, гүлдөрдүн жалбырактарынын чаңдарын сүртүшөт. Балдар жаратылышка аяр мамиле жасашат», - дейт А.Товмаш.

Аталган бала бакчада ийримдер жана сабактар өткөрүлөт. Мисалы, балдар гимнастика, бий, дене тарбия менен машыгып, кыргыздын улуттук салттарын жана кыргыз, орус, англис тилдерин үйрөнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17517
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×