Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.01.2017 18:16

Айыл турмушу: Кара-Суудагы Эргешова 15 жылдан бери үндүк багып тиричилик кылат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Бөрү айылынын тургуну Калыс Эргешова 15 жылдан бери үндүк багып тиричилик кылат. Аймкатык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 100 жакын үндүк-тооктору бар.

«Бул иш элет эли үчүн жакшы жумуш. Кыздарым менен кечке үндүктөрдү кайтарып, жем берип, ит-куштан коргоп турабыз. Жаңы жылга жакын баарын сатып 15 даана үндүк алып калабыз.Себеби жумуртка бастырып, кийинки жылга даярдайбыз. 1 айда жумурткасын басып жөжө чыгарат. Кийинкм жаңы жылга чейин жөжөлөр 10 кг чейин жетип, сатыкка жарап калат», - деди ал.

Үндүк сатуудан түшкөн кирешеге жылда бирден бодо мал же майда жандык алып коёт.

«Үндүктүн жумурткасы тооктун жумурткасынан чоң, салмактуу да болот. Тапкан кирешеге былтыркы жылы 10 чакты эчки, 85 тоок кылдым. Тооктун жумурткасын шаарда кардарларга сатабыз. Ал эми жолдошум башка жумуш кылат», -деп кошумчалады фермер айым.

53 жаштагы Калыс Эргешова 3 кыздын, 4 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×