Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.01.2017 12:09

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Өзгөн районунЖалпак-Таш айыл өкмөтүнн Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө талапкерлер жетиштүү добуш албагандыктан, айыл өкмөт башчысы шайланган жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн району боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында шайлоого 4 талапкер ат салышкан.

«Айыл өкмөт башчылыгына Асан Ашимов, Сооронбек Паизов, Акылбек Нурдинов, Эркин Ибрагимов талапкер болгон. Шайлоо 2 турдан туруп, 1-турда аз добуш алган Сооронбек Паизов менен Эркин Ибрагимов четтетилген. Ал эми 2-турда Асан Ашимов менен Акылбек Нурдиновго 3 депутат каршы добуш бергендиктен, жетиштүү добуш албай, айыл өкмөт башчысы шайланган жок. Шайлоонун күнүн Борбордук шайлоо коммисиясы карап чыгып күнүн бекитет», - деди Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×