Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.01.2017 17:49

Өзгөндүн Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Тиленбаев шайланды

Turmush -  Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Акболуш Тиленбаев шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн району боюнча өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

«Бул айыл өкмөттө 21 депуттат бар. Айыл өкмөт башчылыгына Акболуш Тиленбаев гана талапкерлигин койду. Аны жалпы 18 депутат колдоп, 3 каршы добуш берилди. Жыйынтыгында Тиленбаев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды»,-деди ал.

А.Тиленбаев 3 айдан бери аталган айыл өкмөттүн жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×