Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.01.2017 18:20

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Г.Сейитказиева шаарга барып иштөөгө мажбур болгон кыз-келиндер үчүн айылда тигүү цехин ачты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Гүлайым Сейитказиева шаарга барып иштеген кыз-келиндер үчүн тигүү цехин ачып иштетүүдө. Turmush басылмасынын кабарчысы элеттик ишкер айымдын иши менен таанышып келди.

Алты баланын энеси, Ак-Дөбө айыл аймагынын депутаты Г.Сейитказиева кыз-келиндерге дайыма үлгү болуп келет.Ага үйдө жана жумушта да чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

Жергиликтүү тургандардын жашоосун жакшыртуу үчүн ал ар кандай долбоорлорду жазып келет. Өз үй-бүлөсүн таштап, Бишкек шаарына жумуш издеп кеткен кыз-келиндер үчүн жумуш орундарын түзүүнү максат кылган.

«Айылда мектепте гана жумуш болбосо, калган жерде жумуш жок. Ошондуктан көпчүлүк тургундар үйдө отурушат. Чоң чарбасы барлар эч нерсеге муктаж болбой жашап жатышат. Ал эми, мындай мүмкүнчүлүктөрү жоктор үй-бүлөнү багыш үчүн башка жерлерге кетишүүдө. Көпчүлүк келиндер Бишкек шаарына барып тигүү цехтерине жумушка орношуп, тапкан акчаларын үй-бүлөлөрүнө салат. Бирок, балдары каралбай, энелер жумуштан аларды ойлоп кайгы тартышат. Мындай жашоо менин дагы башыман өткөн. Ошондуктан бул көрүнүштү өзгөрткүм келди», - дейт ал.

Гүлайым Сейитказиева өзүнүн каражатына шаардан тигүүчү машиналарды алып келип тууганынын эски үйүнө орноштурган. Алгач үй ээси менен макулдашып, кичинекей тигүү ишканасын ачуу туурасында айткан. Бул жаңылык бүт айылга тарап, андагы кыз-келиндер жумушка келип орношушкан.

«6 гана тигүү машинасы бар болчу. Бирок, иштейм дегендердин саны көп болуп, цехтен кетпей жерге отуруп алганга чейин барышты. Эч кимди капа кылгым келген жок. Айыл өкмөтүнүн башчысына барып, дагы тигүү машинасын сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндүм. Бул маселе тез эле чечилип, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бизге 300 миң сом бөлүнүп берилди. Мен кайрадан шаарга барып тигүү машиналарын алып, кийимдердин үлгүсүн таап келип жумушту баштадык», - дейт Г.Сейитказиева.

Азыркы тапта муниципалдык тигүү ишканасында 10 аял эмгектенет. Гүлайым эженин айтымында, Бишкектен да кошумча эмгек акыларды табышат. Бул тигүү цехинде 1-класстан 4-класска чейинки балдардын жана чоң адамдардын курткасын тигип, коңшу айылдарга сатууга ташышат. Бирок, чоң буюртмалар азырынча түшө элек.

«Биз учурда буюртмачыларга муктаж болуп турабыз. Бизде бардык жабдуулар жетиштүү. Буюртмачыларды табуу үчүн район жана айыл башчыларына кайрылып жатабыз. Айылдагы кыз-келиндер буюртмалар болсо шаарга барбай эле бул жерде иштейбиз деп жатышат. Аларга күндүзү жумушта, кечинде үй-бөлөсү менен үйдө болуп турган жакшы да. Үй-бүлөсүн ойлоп кайгырышпайт. Ошондуктан буюртмачылар бизге келсе болот. Биз иштерди так жана сапаттуу аткарабыз.» - деп кошумчалады Г.Сейитказиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×