Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.01.2017 13:17

Айыл турмушу: Ноокендик Н.Садиров уруштарга түшкөн «дакан» короздорун 10 миң сомдон сатат (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Сакалды айылынын тургуну Нурбек Садиров «дакан» породасындагы короздорду багып, атайын уруштарга салат. «Дакан» породасындагы короздор жөнөкөй короздордон бир топ айырмалангандыгын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Бул короздор атайын режим менен тамактанышат. Турган жери кургак жана таза болушу керек. Күн сайын кыктары тазаланат. «Дакан» короздору жөнөкөй короздордон уруштарга түшкөнү менен айырмаланат. Бир корозду орточо эсеп менен 10 миң сомго сатам. Негизинен бул короздорду уруштуруу үчүн сатып алышат», - деди Н.Садиров.

Мындан тышкары, ал өзү чоңойткон тайгандары менен аңчылыкка чыгып турат.

«Өткөн жылы тайгандын 2 күчүгүн 8 миң сомго сатып алгам. Учурда өзүм чоңойткон тайгандарым менен аңчылыкка чыгам. Көбүнчө чөө, түлкү сыяктуу жаныбарларды кармайбыз», - дейт Н.Садиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×