Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.01.2017 18:08 На русском

Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Оморов шайланды

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Белекбай Оморов шайланды. Бул тууралуу борбордук шайлоо коммисиясынын Өзгөн аймактык шайлоо коммисиясындагы атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер ат салышкан.

«Куршаб айылында бүгүн шайлоо болду. Айыл өкмөт башчылыгына Белекбай Оморов, Жуманазар Калбаев, Алтынбек Ташиев талапкерлигин койгон. Айылдык кеңеште жалпы 31 депутат бар. Шайлоонун жүрүшүндө Белекбай Оморов 16 добушка, Жуманазар Калбаев 3 добушка, Алтынбек Ташиев 12 добушка ээ болушту. Жыйынтыгында Б.Оморов жеңип чыгып, айыл өкмөт башчысы болуп шайланды», - деди Н.Сулайманов.

Белекбай Оморов кесиби боюнча токой чарба инженери. Ал 1981-1994- жылга чейин Ош, Жалал-Абадда токой чарбасынын башчыс болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөттүндө айылдык комитеттин төрөгасы, 1996-1998-жылдары Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп келген. 1998-2016-жылга чейин жеке ишкер болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×