При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото, видео - Чыныгы талант, 6 аспапта кол ойноткон 18 жаштагы Сагынбек Каримов атактуу классиктердин жолунда

Turmush -  Эл ичи таланттарга бай. Чыныгы таланттардын катарын толуктап чоң сахнага жаңы гана кадам таштап келе жаткан жаш ырчы, аккордеончу Сагын Каримов келечекте кыргыздын чыгаан классиктеринин бири болгусу келет. 6 түрдүү музыкалык аспапта ойногон талант музыка дүйнөсүнө эрте аралашкан. Анын музыкант болуп калыптануусуна атасынын эмгеги чоң.

1

Сагын Каримов 1998-жылы 23-февралда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Айкөл айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын кенжеси. Жалгыз уул. Белгилүү ырчы Самара Каримованын бир тууган иниси.

Сагын комуз, фортепиано, ооз комуз, барабан, гитара, аккордеондо мыкты ойнойт. Атасы Эрмек Каримов да Лейлек районунда элге таанылган ырчы, аккордеончу. Сагын атасынан аккордеондун кереметтүү сырларын үйрөнүп, музыкалык сабатын жойгон. Таланттуу баланын ырчылыкка болгон ышкысын элге төбөсү көрүнгөн Жолболду Алибаев, Токон Эшпаев сыяктуу залкар инсандар күчөткөн.

«Мен кичине кезимде генерал болууну самачумун. Бирок канда бар талант музыка дүйнөсүнө арбап алды. Атам кесиби боюнча мугалим болгонуна карабай жан дүйнөсү музыкага жакын эле. Атам кыргызга аккордеонду киргизген кыргыз классиктердин бири Мамат Оморовдун алгачкы окуучуларынын бири. Өнөр сүйгөндөр атамды аккордеончу, ырчы катары тааныйт. Кыргыздын залкар инсандары — аяш аталарым Жолболду Алибаев, Токон Эшпаев, Апаз Жайнаков, Хабибилла Азиреткулов, Баваравшан Тургунбаев гастролдоп чыкканда үйгө келип калышчу.

Эсимде калганы, атамдын жанынан чыкпай алардын ырдап жатканын угуп отура берчүмүн. Аккордеонду көтөрүүгө алым жетпесе да клавишаларын баскылап калчумун. Ошондон кийин менин музыкага болгон шыгымды байкап, атам үйдө өз алдынча аккордеонду үйрөттү. Мындан сырткары Лейлектеги музыкалык мектептен аккордеон боюнча билим алдым. Мугалимим Абылкасым Асраровго ыраазычылыгымды айтам», - деди Сагынбек.

Дүйнөлүк жана кыргыз классикалык музыкасын жан дүйнөсү менен сүйгөн Сагын 15 жашында «Ата-энем» аталышындагы обондуу ырын жазган.

«Мектепте кандай гана кароо-сынактар болбосун катышчумун. Музыканы кесип кылган, медер туткан үй-бүлөдөн чыккандыктан чыгарма жаратууга да жетише алдым. Эң алгачкы автордук «Ата-энем» деген обондуу ырымды 8-9-классымда ырдап чыктым. Андан киийин 5-6 ырга обон жазууга жетиштим. Аккордеон менен аткарылуучу өзүм жазган 2 классикалык чыгармам бар. Алардын бири «Өмүр» деп аталат.

Учурда аккордеондун сырларын устатым Жаныбек Ботобековдон терең үйрөнүп жатам. Эми белгилүү комузчу, кыргыздын элдик музыкасынын классиги Ниязаалы Борошев, Нурак Абдырахманов жана башкалар сыяктуу комузчулардын учугун улап, комуз үчүн да күү жаратсам деген ниетим бар», - деди ырчы.

Белгилүү ырчы Самара Каримова Сагындын чоң сахнага болгон тушоосун кесип, биргеликте концерт өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«Сагын биздин сагындырып келген инибиз. Өзү да Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө төрөлгөн. Чыгармачылыкка жакын, учурда дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын аткарып жүрөт. Аккордеондо мыкты ойногондуктан кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчылар инимден ойноп берүүсүн суранып калышат. Ошону менен катар өткөн жылы IV эл аралык «Играй, гармонь» фестивалында 1-орунду камсыз кылды. Орустар инимдин талантына баа берип: "Окууну бүтүп, Россиядан билим ал. Сендей музыканттар керек", - деген сунуштарын айтышты. Чоң музыканттардын баа бергени биз үчүн өтө сыймык.

Иним учурда Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайда билим алат. Атам жетпеген бийиктиктерге иним жетишин каалайм. Менин концерттеримде ырдап, аккордеон ойноп катышып жүрөт. Жакында Ош шаарында иниме кыргыз элинен бата алып берүү үчүн экөөбүз тушоо кесүү концертин бергени жатабыз», - деди С.Каримова.

Рыспай Абдыкадыровдун «Сагындым туулган жер сени», Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырларын созолонто ырдаган Сагындын чыгармачылыгын ырчы Абидин Темиров жогору баалап, үн жазуучу студиясын белек кылган.

«Абидин Темиров менен устатым, агам катары 2 жылдан бери таанышмын. Самара эжем менен үй-бүлөлүк катышта болгондон улам биздин таанышып калуубузга эжем түрткү болгон. Мен аккордеондо ойногондо андан кеңеш алып, жардам сурап кайрылып турам. Ал мага жакында эле өзүнүн ыр жаздыруучу студиясын белекке берди. Бул мен үчүн күтүүсүз белек болду. Эми мындан ары өзүмдүн ырларымды өзүм жазып калам. Мага ишеним көрсөткөнү үчүн Абидин Темиров устатыма ыраазычылык билдирем», - деди Сагын.

Таланттуу мырза жаш экенине карабай көптөгөн сыйлыктардын: VIII жаш музыкант аткаруучулар сынагынын лауреаты, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасынын, IV эл аралык «Играй, гармонь» фестивалында 1-орундун ээси болууга жетишкен. Сагынбек Каримов «Ата-эне», «Коштошуу», «Сезим», «Кызганам», «Кел бийлейли» чыгармаларынын автору.

Бир туугандар Самара Каримова менен Сагынбек Каримовдун концерти Ош улуттук драма театрында 13-14-15-16-17-февраль күндөрү өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
pisatel
23:19, 21 января 2017
Азаматсын!Ийгиликтер каалайбыз!
Көп окулду
×