Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.01.2017 18:20

Өзгөндөгү Караташ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Боркошев шайланды

Turmush -  Бүгүн, 20-январда Өзгөн районунун Караташ айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бакытбек Боркошев шайланды. Ал жалгыз талапкер болуп катталган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн району боюнча өкүлү Нурмамат Сулайманов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, шайлоого 10 депутат катышып, бир добуштан Бакытбек Боркошевдин талапкерлигин колдошту. Жалпы айыл өкмөттө 11 депутат бар, алардын бири шайлоого катышкан жок.

К.Боркошев 2016-жылдын май айынан бери айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан.
Ал энергетик кесибинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×