Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 20.01.2017 11:27

Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо башталды

Turmush -  Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн району боюнча өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 17 айыл өкмөттүн башчысы жана Өзгөн шаарынын мэри шайланат.

«Биздин райондо 19 айыл өкмөт, 1 шаар бар. Алтын-Булак, Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнөн башка бардык айыл өкмөттөрдө шайлоо өтөт. Бүгүн, 20-январда Кара-Таш айыл өкмөтүндө шайлоо болот. Айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо 20-январдан 3-февралга чейин өтөт», - деди ал.

Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Бурканбек Максутовдун айтымында, талапкер болуп айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Бактыбек Бокошев катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×